КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 1 апрелиндеги № 169 токтому

Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө 

  Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын реформалоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:   
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен төмөнкүлөр суралсын:
 -   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V «2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолорду киргизүү: жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын: төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толуктоо:
 «131. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары мамлекеттик акциялар пакеттерин киргизүү жолу менен менчиктештирилүүчү объектилердин тизмеги ушул Программанын 4-тиркемесине ылайык аныкталат.»; 
ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 4-тиркеме менен толуктоо; 
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда аталган токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо.
 2. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V «2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын. 
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июлундагы № 503 «Катышуунун мамлекеттик үлүшү бар электр энергетикалык тармактын чарбакер коомдорунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу функциясын өткөрүп берүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
 4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.    

 Премьер-министр                                                         Т.А.Сариев   

Тиркеме


«

2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын

4-тиркемеси

 

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары мамлекеттик акциялар пакеттерин киргизүү жолу менен менчиктештирилүүчү объектилердин тизмеги

 

Объекттин аталышы

Уставдык капитал,

(миң сом)

Мамлекет-тик үлүш, (%)

Менчиктеш-тирүүгө тийиш болгон мамлекеттик үлүш, (%)

1.

«Электр станциялары» ачык акционердик коому

4 428 282,9

80,49 %

80,49 %

2.

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» ачык акционердик коому

1 597 377,3

80,49 %

80,49 %

3.

«Түндүкэлектр» ачык акционердик коому

454 574,6

80,49 %

80,49 %

4.

«Чыгышэлектр» ачык акционердик коому

186 499,9

80,49 %

80,49 %

5.

«Ошэлектр ачык акционердик коому

169 816,0

80,49 %

80,49 %

6.

«Жалалабатэлектр» ачык акционердик коому

212 618,1

80,49 %

80,49 %

7.

«Бишкекжылуулук-тармагы» ачык акционердик коому

366 841,8

80,49 %

80,49 %

8.

«Чакан ГЭС» ачык акционердик коому

274 724,2

100,0 %

100,0 %

9.

«Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ачык акционердик коому

100,0

100,0 %

100,0 %

Тиркемелер

Басып чыгаруу