Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 568 “Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ушул токтом 2016-жылдын 15-апрелинен тартып күчүнө кирет.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Ушул токтом 2016-жылдын 15-апрелинен тартып күчүнө кирет.”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 580 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Ушул токтом 2016-жылдын 15-апрелинен тартып күчүнө кирет.”.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев