КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 токтому

Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу

Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын бардык иштөө режимдеринде Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу максатында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик уюмдар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын уюмдары жана ишканалары өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 113 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 238 “Жарандык коргонуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев