КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 30 мартындагы № 164 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө токтому

  Кыргыз Республикасынын Ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө” Мыйзамды контролдук көзөмөлдөө, лицензиялоо-уруксат берүү тармагындарда, ишке ашыруу үчүн иш чаралардын Пландарын аткаруу аягына чыккандыгы жана актуалдуулугун жоготконуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелерин жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

 1. Күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл 11-сентябрь № 509 “Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө” токтому. 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жыл 17 июлюндагы № 461 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтому;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл 11-сентябрь № 509 “Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2010-жылдын 16-мартындагы № 151 токтому;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94  “Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө” токтому;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жыл 23-март № 194 “Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 16,19 пункттары;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.     

 Премьер-министр                                                                      Т.А.Сариев                                                                      

Тиркемелер

Басып чыгаруу