Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтун түзүү менен байланышкан уюштуруу жана финансы маселелерин чечүү максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 13-тиркемесинде: аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү»; таблица «Кыргыз билим берүү академиясы» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту» деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 14-тиркемесинде: таблицанын VI пункту «Кыргыз билим берүү академиясы» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту» деген сөздөр менен толукталсын; эскертүүнүн 3-пункту «Кыргыз билим берүү академиясынын» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев