2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттык сактоо программасын бекитүү жөнүндө
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануунун негизинде жарандарга көрсөтүлгөн медициналык жардамды персонификациялап эсепке алууну ишке киргизүү жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө”, “Маалыматташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттык сактоо программасы 1-тиркемеге ылайык; - 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттык сактоо программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери:
- Иш-чаралар планын милдеттүү аткарууну камсыз кылышсын; - ар жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А. Сариев