КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 24 мартындагы № 145 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тууралуу 

         2016-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттарын аныктоо жана ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө”  Кыргыз  Республикасынын   конституциялык  Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 7-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылышат:

  1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү жактырылсын.
  2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
  3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.

     

Кыргыз Республикасынын Премьер-министриКыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы

    _____________ Т. Сариев                                      _____________ Т. Абдыгулов 

Тиркемелер

Басып чыгаруу