КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 25 мартындагы № 148 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:

 - 13.5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «13.5 Арыз ээси лицензиардын лицензия берүүдө уруксат берүүдөн баш тартуусуна же анын аракетсиздигине «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.». 

2. Ушул токтом «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу