Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарба объектилерин тандоо критерийлерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагындагы суу чарба объектилерин системалуу түрдө куруу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарба объектилерин тандоо критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы № 652 “Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы “ж” пунктчасы менен толукталсын:
“ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн тандоо критерийлерине ылайык келген суу чарба курулуш объектилери.”.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркеме
Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердинжана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарбаобъектилерин тандоо критерийлери
№ | Критерийлердин баяндалышы | Баллы |
I | Актоо мөөнөтү | |
5 жылга чейин | 25 | |
5-8 жыл | 15 | |
9-10 жыл | 10 | |
11-12 жыл | 3 | |
II | 1 га карата салыштырмалуу чыгымдар: | |
150-200 миң сом | 25 | |
201-350 миң сом | 15 | |
351-500 миң сом | 10 | |
501-650 миң сом | 5 | |
III | Чек арага жакындыгы (чек арага жакын аймактарды бекемдөө) | 20 |
IV | 1 кишиге болгон сугат жер үлүштөрү: | |
10 сотукка чейин | 25 | |
11-25 сотук | 15 | |
26-50 сотук | 5 | |
V | Жаңы сугат тармактарын күтүүгө чыгымдар (сом/га): | |
500 сомго чейин | 20 | |
501-800 сом | 10 | |
801 сомдон жогору | 5 | |
VI | Жаңы сугат жерлеринин саны: | |
1000 га жогору | 10 | |
100 дөн 1000 га чейин | 5 | |
VII | Сугат тармактарынын техникалык мүнөздөмөсүн жакшыртуу, жердин суу менен камсыз болуусун жогорулатуу: | |
3-4 миң га | 15 | |
2-3 миң га | 10 | |
1 миң га чейин | 5 | |
VIII | Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен мурда бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу (10 % - 90 % даярдыкта). Өтмө, бүткөрүлбөгөн курулуш объектилери | |
Даярдык пайызы: | ||
90 % дан жогору | 20 | |
71 % дан 90 % га чейин | 17 | |
51 % дан 70 % га чейин | 14 | |
31 % дан 50 % га чейин | 11 | |
21 % дан 30 % га чейин | 8 | |
Өздөштүрүүсү 20% дан төмөн болгон объектилер: | 5 | |
IX | Суу чарба объектисин тизмеге киргизүү үчүн долбоор алдындагы баалоо боюнча болжолдонгон кубаттуулуктарды өздөштүрүү үчүн зарыл болгон пайдаланылбаган суу жана жер ресурстары болууга тийиш. | |
Тизмеге кирүүнүн критерийин аныктоо боюнча эсептөө формуласы: ∑ = I+II+ III+IV+V+VI+VII+VIII | ||
∑ ≥ N балл алган объектилер, кезектүүлүк тартиби менен курулуш тизмесине киришет | ||
Орточо чектик сумманы аныктоонун формуласы (N) N=S/K, мында S - киргизилген объектилердин алган баллынын жалпы суммасы; К - катталган объектилердин жалпы саны |
Эскертүү: Курулуштун наркы менен байланышкан көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги иштеп чыгуучу баалардын өзгөрүү индексин эске алуу менен оңдолуп турат.