КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 64 токтому

Дары каражаттарынын атайын тизмегин жана  медициналык буюмдардын тизмегин түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө

“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин, “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Каттоосуз алып кирүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары каражаттарынын атайын тизмегин түзүү тартиби жана ага дары препараттарын киргизүү критерийлери 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын аймагына каттоосуз алып кирүүгө жана колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдардын тизмегин түзүү жана ага медициналык буюмдарды киргизүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                      М.Д.Абылгазиев