“Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
Мамлекеттик муктаждыктар үчүн товарларды жеткирүү милдеттенмелерин аткаруу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды мамлекеттик колдоо, социалдык коргоо жана иш менен камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларына болгон мамлекеттик муктаждыктарды тишке ашырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик заказдарды жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
- эки айлык мөөнөттө квоталарды аныктоо жана мамлекеттик заказдарды жайгаштыруу үчүн салык төлөөчү катары катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишти жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун жаңыланган тизмегин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин;
- жогоруда аталган уюмдар кайра уюштурулган, жоюлган же түзүлгөн учурда жаңыланган маалыматтарды берип турсун.
4. Мамлекеттик заказчылар биринчи кезекте мамлекеттик заказдардын тизмегине киргизилген товарлардын ассортиментин майыптар коомдорунан сатып алышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын майыптар коомдору менен макулдашуу боюнча товарларга бааларды белгилөөнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын майыптар коомдору менен макулдашуу боюнча товарлардын ассортиментин, көлөмдөрүн, жеткирүү мөөнөттөрүн, ошондой эле товар өндүрүүчүлөрдөн товарларды сатып алууга мамлекеттик заказчылар үчүн квоталарды (мамлекеттик брондоону) белгилесин жана мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жайгаштырсын.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 88 “Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 174 “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына заказдарды жайгаштырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 27-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 6-пункту.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев