КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 24 мартындагы № 142 токтому

Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын  экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

“Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана  111- беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
  1. Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын  экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  20-февралындагы № 118 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй  толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо: 
- 6-пункттун “б” пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 
“- товарлардын  экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  20-февралындагы № 123 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
6-пункттун 2-пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет.”.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жободо: - 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын: “- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет”.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 127 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо: 
- 9-пункттун “б” пунктчасынын он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик техникалык корутундуларды берет”.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө жободо: 
- 7-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 
“- товарлардын  экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет”. жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти жөнүндө жободо: 
- 10-пункттун  2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
“- өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет”.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө жободо:
- 8-пункттун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет».

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 “Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомунун 1 жана 2-пункттары. 
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн. 
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 
Премьер-министр                                                             Т.А.Сариев

Тиркеме

Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын  экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмеги

Товардын аталышы

Уюм-эксперт

Лицензиар

1

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы  № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.1 позициясына ылайык ташып келүүдө жана ташып чыгууда Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген озонду бузуучу заттарКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

2

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.2 позициясына ылайык импорттоодо Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарыКыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

3

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.3 позициясына ылайык ташып чыгууда жана (же) ташып келүүдө Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген кооптуу калдыктарКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

4

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен  бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.4 позициясына ылайык ташып чыгууда Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген минералогия жана палеонтология боюнча коллекциялар жана коллекциялоо предметтериКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

5

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.6 позициясына ылайык экспорттоодо Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген жапайы тирүү жаныбарлар жана айрым жапайы өскөн өсүмдүктөрКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

6

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен  бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.7 позициясына ылайык Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген, жок болуу коркунучунда турган жапайы фаунанын жана флоранын түрлөрүн эл аралык соода кылуу жөнүндө конвенциясынын колдонулушуна туш болгон жапайы фаунанын жана флоранын түрлөрүКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

7

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен  бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.8 позициясына ылайык Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын кызыл китептерине киргизилген, сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган жапайы жаныбарлардын жана жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн түрлөрү, алардын бөлүктөрү жана (же) дериваттарКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

8

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен  бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.9 позициясына ылайык экспорттоодо Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген баалуу металлдар жана асыл таштарКыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

9

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен  бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.10 позициясына ылайык экспорттоодо Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген иштетилбеген баалуу металлдар, баалуу металлдардын сыныктары жана калдыктары, баалуу металлдардын кендери жана концентраттары,  баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларКыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик (баалуу металлдардын кендерин жана концентраттарын, баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды ташып чыгууда)Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

10

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен  бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.11 позициясына ылайык ташып чыгууда Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген минералдык сырьёнун түрлөрүКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

11

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.12 позициясына ылайык лицензиянын негизинде Бажы бирлигинин бажы аймагына ташып келүүгө жана ташып чыгууга уруксат берилген баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлоруКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

12

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.13 позициясына ылайык ташып келүүдө жана ташып чыгууда Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп саналбаган уулуу заттарКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

13

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.16 позициясына ылайык Бажы бирлигинин аймагына ташып келүүгө чектелген радиоэлектрондук каражаттар жана (же) жарандык багыттагы жогорку жыштыктуу түзүлүштөр, анын ичинде орнотулгандар же башка товарлардын курамына киргизилгендерКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

14

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен  бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.17 позициясына ылайык Бажы бирлигинин бажы аймагына ташып келүүсү жана Бажы бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуусу чектелген маалыматты жашырын алууга арналган атайын техникалык каражаттарКыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетиКыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети

15

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен  бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.19 позициясына ылайык Бажы бирлигинин бажы аймагына ташып келүүсү жана Бажы бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуусу чектелген шифрлөөчү (криптографиялык) каражаттарКыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетиКыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети

16

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.20 позициясына ылайык ташып чыгууда Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген маданий баалуулуктар, улуттук архивдик фонддордун документтери, архивдик документтердин түп нускаларыКыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

17

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен  бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.21 позициясына ылайык ташып келүүдө жана (же) ташып чыгууда Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектелген адамдын органдары жана ткандары, кан жана анын компоненттериКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

18

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.22 позициясына ылайык Бажы бирлигинин бажы аймагына ташып келүүсү, Бажы бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуусу жана Бажы бирлигинин бажы аймагы боюнча транзити чектелген кызматтык жана жарандык курал, анын негизги (курамдык) бөлүктөрү жана аларга патрондорКыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

19

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен  бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.23 позициясына ылайык Бажы бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуусу чектелген отун энергетикалык жана минералдык сырьёлордун райондору жана кендүү жерлери боюнча жер казынасы жөнүндө маалыматКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

20

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги   № 30 чечими менен  бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.27 позициясына ылайык тарифтик квотаны белгилөө тууралуу жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүКыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

21

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен  бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.29 позициясына ылайык атайын коргоо чаралары катары импорттук квотаны белгилөө тууралуу Чечимдердин негизинде Бажы бирлигинин мүчө-мамлекеттери тарабынан импортту лицензиялоо колдонулган товарлар (эгин оруучу комбайндар жана эгин оруучу комбайндардын модулдары)Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

22

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен  бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.25 позициясына ылайык ташып келүүдө жана ташып чыгууда чектөөлөр коюлган товарлар (кант чийки зат)Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигиКыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

____________________________________________________________________________________________________

Тиркемелер

Басып чыгаруу