Кыргыз Республикасында токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун иретинде келип түшкөн каражаттарды токойду коргоо, сактоо, өстүрүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун иретинде келип түшкөн каражаттарды токойду коргоо, сактоо, өстүрүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн пайдалануу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев