Чүй облусу, Аламүдүн району, Аламүдүн айыл аймагы, Аламүдүн айылы, Алма-Ата көчөсү, 60 “А” дареги боюнча жайгашкан имаратты Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Калктын билим берүүдөгү керектөөлөрүн камсыз кылуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Чүй облусу, Аламүдүн району, Аламүдүн айыл аймагы, Аламүдүн айылы, Алма-Ата көчөсү, 60 “А” дареги боюнча жайгашкан имаратты Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын: - ушул токтомдун 1-пунктунда аталган имаратты муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилүүчү объектти мамлекеттик кайра каттоо жүргүзүү; - жогоруда аталган объектти максаттуу багыты боюнча жана мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары пайдаланууну камсыз кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте Чүй облусу, Аламүдүн району, Аламүдүн айыл аймагы, Аламүдүн айылы, Алма-Ата көчөсү, 60 “А” дареги боюнча жайгашкан кыймылсыз мүлк объектисин өткөрүп берүү келишимин каттасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев