Республиканын калктуу конуштарынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүүнүн, экологиялык жана санитардык абалынын талаптагыдай деӊгээлин кармоо, жашыл бак-дарактардын аянтын кеӊейтүү, калкты жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Республиканын бүткүл аймагында жыл сайын 20-февралдан 20-майга чейинки мезгил “жашылдандыруунун үч айлыгы” деп жарыялансын
. 2. Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чаралардын планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
- калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чараларына жыл сайын даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдарды түзүшсүн;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары жана айыл өкмөттөр (макулдашуу боюнча) ушул буйруктун 2-пункту менен бекитилген Иш-чаралардын планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине ар бир айдын (март, апрель, май) 10уна карата жыл сайын “жашылдандыруунун үч айлыгын” өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги:
- ушул буйруктун 2-пункту менен бекитилген Иш-чаралар планын ишке ашыруунун мониторингин жүргүзсүн. - жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө жалпыланган маалыматты 1-июнга чейинки мөөнөттө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жыл сайын 1-ноябрга чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына аткарылган иштин жыйынтыгы жөнүндө маалыматты берип турсун.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-июнундагы № 253-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев