КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 22 мартындагы № 138 токтому

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен жабдуу объекттерин Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

Керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун  жогорулатуу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын Ноокат шаары, С.Алимбаев көчөсү (номери жок) жана Ленин көчөсү, № 16 даректери боюнча жайгашкан № 1 жана № 2 от казандарын Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

 2.  Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

 - ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мүлктү белгиленген тартипте менчикке кабыл алуу; - бюджеттик керектөөчүлөрдүн карыздары боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы менен өз ара эсептешүүлөрдү салыштырып текшерүү;

 - жергиликтүү бюджеттин эсебинен өткөрүлүп берилүүчү мүлктүн иштөөсүн субсидиялоо жүргүзүү; 

- өткөрүлүп берилүүчү мүлктүн сакталуусун камсыздоо жана максаттуу багыты менен пайдалануу боюнча тийиштүү чараларды көрүү. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.         

   Премьер-министр                                                               Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу