Жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү жана жалпысынан башка иштер боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди өзүнчө эсепке алуунун тартибин бекитүү жөнүндө
Табигый монополиянын субъекттеринин товарларына (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) экономикалык жактан негизделген тарифтерди белгилөө максатында, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү жана жалпысынан башка иштер боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди өзүнчө эсепке алуунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 12-февралында күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркеме
Жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү жана жалпысынан башка иштер боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди өзүнчө эсепке алуунун тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү жана жалпысынан башка иштер боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди өзүнчө эсепке алуунун тартиби (мындан ары - Тартип) “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык иштелип чыкты жана жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча жана жалпысынан Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашыруучу табигый монополиялардын субъекттери менен болгон иштер боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди өзүнчө эсепке алуунун тартибин аныктайт.
2. Жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана жалпысынан башка иштер боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди өзүнчө эсепке алуу көрсөтүлүүчү кызматтардын ар бир түрү боюнча кирешелер, чыгымдар жана тартылган активдер жөнүндө маалыматтарды топтоонун жана жалпылоонун системасын билдирет.
3. Жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү жана жалпысынан башка иштер боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди өзүнчө эсепке алуунун негизги принциптери төмөнкүлөр:
1) баштапкы документтердеги маалыматтардын негизинде кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү түрлөрүнө карата кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди түздөн-түз киргизүүнүн (түздөн-түз киргизүү мүмкүнчүлүгү болсо) артыкчылыктары;
2) кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү түрлөрү боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди себептик-натыйжалык байланыштын негизинде кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди алар менен байланышы болгон кызмат көрсөтүүлөргө бөлүштүрүү;
3) жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү түрлөрүнө кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди киргизүүдөгү жана бөлүштүрүүдөгү ачык-айкындык. 4. Өзүнчө эсеп жүргүзүү максатында ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) бөлүштүрүү базасы - кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча чыгымдарды жана активдердин тартылгандыгынын даражасын бөлүштүрүү үчүн пайдаланылуучу сандык көрсөткүч (көрсөткүчтөр);
2) башка иштер - табигый монополиялардын субъекттеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлүүчү кызматтары, жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо;
3) тартылган активдер - негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди өз ичине камтуучу, кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүү же товар өндүрүү үчүн пайдаланылуучу субъекттин активдери;
4) кызмат көрсөтүүнүн түрлөрү боюнча кыйыр тартылган активдер - бир эле убакта бир нече кызмат көрсөтүүлөр (кызмат көрсөтүүлөрдүн тобу) менен себептик-натыйжалык байланышы бар тартылган активдер, ошондуктан алардын белгилүү бир кызмат көрсөтүүгө тикелей жана бир жактуу тиешеси жок болушу мүмкүн, бирок айрым кызматтарды көрсөтүүдөгү алардын таасиринин даражасы ушул себептик-натыйжалык байланышты чагылдыруучу бөлүштүрүү базасынын негизинде аныкталышы мүмкүн;
5) кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча кыйыр чыгымдар - бир эле учурда бир нече кызмат көрсөтүүлөр (кызмат көрсөтүүлөрдүн тобу) менен себептик-натыйжалык байланышы бар чыгымдар, алардын белгилүү бир кызмат көрсөтүүгө тикелей жана бир жактуу тиешеси жок болушу мүмкүн, бирок чыгымдардын пайда болуу себебин чагылдыруучу бөлүштүрүү базасынын негизинде кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү мүмкүн;
6) бөлүштүрүү коэффициенти - кызмат көрсөтүүлөрдүн ортосундагы чыгымдарды жана активдерди бөлүштүрүү үчүн бөлүштүрүү базасын колдонуунун натыйжасында алынган кыйыр, биргелешкен же жалпы чыгымдардын же активдердин үлүшү;
7) жалпы активдер - кызматтын бардык түрлөрүн көрсөтүү менен байланышкан, бирок бул кызмат көрсөтүүлөр менен кандайдыр бир белгилүү себептик-натыйжалык байланышка ээ болбогон активдер, ошондуктан кызмат көрсөтүүдөгү алардын таасиринин деңгээли ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган бөлүштүрүү базаларынын негизинде аныкталышы мүмкүн;
8) жалпы чыгымдар - кызматтын бардык түрүн көрсөтүү менен байланышкан, бирок бул кызмат көрсөтүүлөр менен кандайдыр бир белгилүү себептик-натыйжалык байланышка ээ болбогон чыгымдар, ошондуктан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган бөлүштүрүү базаларынын негизинде бөлүштүрүлөт;
9) кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча тикелей тартылган активдер - белгилүү бир кызмат көрсөтүү менен түздөн-түз себептик-натыйжалык байланышы бар тартылган активдер, алар белгилүү бир кызмат көрсөтүүнүн түрүнө тикелей жана бир беткей таандык болушу мүмкүн;
10) кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча тикелей чыгымдар – белгилүү бир кызмат көрсөтүү менен тикелей себептик-натыйжалык байланышы бар чыгымдар, алар белгилүү бир кызмат көрсөтүүгө түздөн-түз жана бир беткей таандык болушу мүмкүн;
11) себептик-натыйжалык байланыштын негизинде бөлүштүрүү - кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүнүн түрү боюнча кирешелердин чыгымдардын жана тартылган активдердин кызмат көрсөтүүнүн түрүнө карай байланышынын пайда болуу себептерин алдын ала изилдөөнүн негизинде бөлүштүрүү;
12) жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөр - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык баалары жөнгө салынуучу табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрү;
13) биргелешип тартылган активдер - бир нече кызмат көрсөтүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн тобу) үчүн пайдаланыла турган тартылган активдер, бирок бул кызмат көрсөтүүлөр менен белгилүү бир себептик-натыйжалык байланышы болбогону менен кызмат көрсөтүүдөгү алардын тартылгандыгынын деңгээли ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган бөлүштүрүү базасынын негизинде аныкталат;
14) биргелешкен чыгымдар - бир нече кызмат көрсөтүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн тобу) үчүн пайдаланыла турган тартылган активдер, бирок бул кызмат көрсөтүүлөр менен белгилүү бир себептик-натыйжалык байланышы жок, ошондуктан ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган бөлүштүрүү базасынын негизинде аныкталат.
2. Көрсөтүлүүчү кызматтын түрлөрү боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди бөлүштүрүү
5. Кызмат көрсөтүүдөн түшө турган кирешелер баштапкы документтердин жана бухгалтердик эсептеги маалыматтардын негизинде жөнгө салынуучу жана жөнгө салынбаган кызмат көрсөтүүнүн түрлөрү боюнча өзүнчө эсептелет:
1) иштин жөнгө салынуучу түрлөрү боюнча - көрсөтүлгөн кызматтардын иш жүзүндөгү көлөмүнө ылайык;
2) иштин жөнгө салынбаган түрлөрү боюнча - кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнө негизденип.
6. Көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү боюнча тартылган активдердин өзүнчө эсебин алуу максатында негизги каражаттардын бардык тизмегинен төмөнкүлөр бөлүп каралат:
1) тикелей тартылган активдер;
2) кыйыр тартылган активдер;
3) биргелешип тартылган активдер; 4) жалпы активдер.
7. Тикелей тартылган активдер түздөн-түз белгилүү бир кызмат көрсөтүүгө тиешелүү. Кыйыр тартылган, биргелешип тартылган жана жалпы активдер бөлүштүрүү базасын колдонуу менен жана алардын негизинде бөлүштүрүү коэффициентине эсептелген кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү.
8. Табигый монополиялардын субъекттеринин негизги каражаттары чыгымдардын өзүнчө эсебин алуу максатында технологиялык белгилери боюнча топко бөлүштүрүлөт.
9. Кызмат көрсөтүүнүн жөнгө салынуучу түрүн көрсөтүү менен байланышкан чыгымдар табигый монополиялардын субъекттерин эсепке алуу саясатына ылайык аныкталат. Мында бааларды (тарифтерди) түзүүдө чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобонун талаптарын эске алуу менен эсептелет.
10. Өзүнчө эсепке алууну жүргүзүүдө табигый монополиялардын субъекттери чыгымдарды экономикалык элементтер боюнча топко бөлүштүрөт:
- эмгек акыга кеткен чыгымдар;
- социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр;
- материалдык чыгымдар;
- амортизация;
- кыйыр чыгымдар.
3. Кирешелер, чыгымдар жана тартылган активдер боюнча отчеттуулук
11. Кирешелерди жана чыгымдарды өзүнчө эсепке алуунун жыйынтыгы боюнча отчеттор табигый монополиялардын субъекттеринин бухгалтердик жана статистикалык маалыматтарына шайкеш келүүсү керек.