2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 78 токтому менен бекитилген улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясы 1-тиркемеге ылайык;
- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары:
- белгиленген мөөнөттөрдө Иш-чаралар планын аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жалпылоо үчүн берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ар бир жарым жылдык боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Т.Сариев |
2-тиркеме
2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча
ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн жыйынтык (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
I бөлүм. Укуктук окутууну жана тарбиялоону өнүктүрүү | |||||
1.1 | Укуктук окутууну жана тарбиялоону системалаштыруу жана кеңейтүү | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын программаларына руханий-нравалык жана жарандык-укуктук тарбиялоо боюнча сабактарды киргизүү: - мамлекеттик символикаларды (герб, туу, гимн) жана мамлекеттик тилди, Конституцияны жана мыйзамдарды, маданий, улуттук жана башка баалуулуктарды урматтоо; - башка адамдарды жынысына, расасына, тилине, тутунган динине, этностук таандыгына жана башка белгилерине карабай укуктарын жана эркиндигин урматтоо | 2017-жыл | Адамдын эрте жашынан баштап позитивдүү жүрүм-турумун калыптандыруу боюнча зарыл болгон предметтик-өнүктүрүү чөйрөсү түзүлөт | БИМ |
1.2 | Жарандык-укуктук тарбия берүү темасына мектепке чейинки курактагы балдар үчүн мультипликациялык программалардын циклин иштеп чыгуу | 2017-жыл | Мектепке чейинки курактагы балдарга рухтук-адеп-ахлактык жана жарандык-укуктук тарбия берүү процесси атайын даярдалган мультипликациялык программалардын цикли менен камсыздалат | БИМ | |
1.3 | Укуктун жана балдар укуктарынын жалпы маселелери боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу системасы үчүн вариативдик модулдарды иштеп чыгуу (4 жана 8 сааттык) | 2018-2020-жылдары | Зарыл болгон укуктук билимдер өздөштүрүлөт жана аларга ээ болушат | БИМ | |
1.4 | Баштапкы класстар үчүн (1-4-класстар) балдар үчүн жеткиликтүү деңгээлде адам укуктары жана укуктун тармактары менен таанышууну "Мекен таануу" курсуна киргизүү | 2017-2020-жылдары | Укуктун негиздери боюнча окууга 1-4-кпасстагы мектеп окуучулары 100% камтылат | БИМ | |
1.5 | Негизги жалпы билим берүү үчүн укукту/укуктун үстөмдүгүн сыйлоо, укук маселелери боюнча материалдарды "Адам жана коом" курсуна кошуу | 2017-2020-жылдары | Укуктун негиздери боюнча окууга 5-7-класстагы мектеп окуучулары 100% камтылат | БИМ | |
1.6 | Укукту сыйлоо/укук үстөмдүгүнүн маселелери боюнча мугалимдер үчүн методикалык колдонмону жана 9-11-класстын окуучулары үчүн окутуучу материалдардын пакетин иштеп чыгуу, киргизүү | 2016-2020- жылдары | Мектеп жашындагы балдарды укуктук окутуу жана тарбиялоо процесси атайын иштелип чыккан методикалык комплекстер менен камсыздандырылат | БИМ | |
1.7 | Мугалимдер үчүн укуктун негиздери боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү | 2018-2020-жылдары | Зарыл болгон укуктук билимдер өздөштүрүлөт жана аларга ээ болушат | БИМ, КМЮА | |
1.8 | Жалпы билим берүүчү уюмдардагы тарбиялоо пландарына чыр-чатактарды зордук-зомбулуксуз чечүү боюнча иш-чараларды жайылтуу | 2017-жыл | Зордук-зомбулук, мектеп "рекетчилиги" менен байланышкан укук бузуу учурларынын саны азаят | БИМ, ЭСӨМ, Акыйкатчы (макулдашуу боюнча) | |
1.9 | Окуучулар (мектеп окуучулары) үчүн укук негиздери ("Адам жана коом") боюнча жыл сайын олимпиадаларды өткөрүү | Жыл сайын | Окуучулардын (мектеп окуучуларынын) укуктук ченемдерди окуп үйрөнүүсүнө түрткү берет | БИМ, Акыйкатчы (макулдашуу боюнча) | |
1.10 | Интернат тибиндеги балдар мекемелеринде тарбияланып жаткан балдарды укуктук тарбиялоо, ошондой эле эркиндигинен ажыратылган жерлердеги адамдарга диний жана укуктук агартуу боюнча программаларды жайылтуу | 2017-2019-жылдары | Укуктук жана диний сабаттуулуктун деңгээлин, анын ичинде ар кандай көз караштарга жана ишенимдерге карата урматтоо принциптерин чыңдоо аркылуу, диний келишпестик, радикализм жана экстремизмдин таркалуусунун алдын алуу жогорулайт | БИМ, ЖАМК, УКМК, Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), ДИМК (макулдашуу боюнча), КМДБ (макулдашуу боюнча) | |
1.11 | Муниципалдык кызматкерлер үчүн укуктун негиздери боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү | Дайыма | Муниципалдык кызматкерлердин укуктук компетенттүүлүгү жогорулайт | ЖӨБ жана этностор агенттиги, МКК (макулдашуу боюнча) | |
1.12 | Жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн билим берүү медиа долбоорлорун ЖМКлар жана Интернет мейкиндиктери аркылуу ишке киргизүү | 2016-2020-жылдары | Жарандар ЖМКлар, интернет мейкиндиги аркылуу укуктук сабаттуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк ала алышат | ЮМ, ММТМ, Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), КТРК (макулдашуу боюнча), ЭЛТР, "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана" | |
II бөлүм. Калкты укуктук пропагандалоонун натыйжалуулугун жогорулатуу | |||||
2.1 | Укуктук пропагандалоонун таасирдүүлүгүн жогорулатуу | Мамлекеттик органдар үчүн калкты укуктук пропагандалоо боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгуу | 2016-жылдын III-IV кварталдары | Калктын ар түрдүү топторунун арасында натыйжалуу укуктук пропаганда үчүн методикалык база түзүлөт | ЮМ, УСИИ |
2.2 | Региондордо жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча мамлекеттик, муниципалдык, социалдык заказдарды жайылтуу | 2016-2020-жылдары | Жарандык коом институттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу, региондордо укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды кеңейтүү жана укуктук маданиятты көтөрүүнүн жаңы формалары жана ыкмалары пайда болот | ЮМ, ФМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги | |
2.3 | Калктын укуктук маданиятын көтөрүү боюнча медиа план иштеп чыгуу | 2016-жылдын IV кварталы | Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калктын укуктук маданияты көтөрүлөт | ЮМ, ММТМ, Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), КТРК (макулдашуу боюнча), ЭЛТР, "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана" | |
2.4 | Өлкөдөгү укуктук маданияттын абалына талдоо жүргүзүү | 2020-жыл | Өлкөдөгү укуктук маданияттын абалына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү | УСИИ | |
2.5 | Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ведомстволук сайттарында укуктарды түшүндүрүүчү бөлүмдөрдү (рубрикаларды) түзүү жана зарыл болгон укуктук маалыматты жайгаштыруу (жарыялоо) | 2016-жылдын 1-марты | Укуктарды түшүндүрүүчү бөлүмдөрдүн (рубрикалар) иштеши, ал аркылуу жарандар тиешелүү тармактык укуктук маалыматтарды алуу мүмкүндүгүнө ээ болушат | Министрликтер жана ведомстволор, Жогорку сот (макулдашуу боюнча), Башпрокуратура (макулдашуу боюнча), Акыйкатчы (макулдашуу боюнча) БШК (макулдашуу боюнча), Соттук департамент (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча), облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары | |
2.6 | Жарандардын мамлекетке жана анын институттарына, укуктук системасынын натыйжалуулугуна ишенимин чыңдоо | Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга калктын ишеним индексинин коэффициентин жогорулатуу боюнча иш-чаралардын ведомстволук пландарын иштеп чыгуу | 2016-жылдын II-жарым жылдыгы | 1) Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишине калктын ишеними; 2) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө калктын канааттануусу; 3) соттук жана укук коргоо органдардын кадыр-баркынын жогорулашы | Министрликтер жана ведомстволор, Жогорку сот (макулдашуу боюнча), Башпрокуратура (макулдашуу боюнча), БШК (макулдашуу боюнча), Соттук департамент (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) |
2.7 | Министрликтердин, ведомстволордун жоболорун калкты укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрүү боюнча тейлеп жаткан тармактар боюнча толуктоо жана ушул функцияны ишке ашыруу боюнча отчеттуулук тажрыйбасын киргизүү | 2016-жылдын 2-жарым жылдыгы | Калкты укуктук пропагандалоо боюнча иш-араларды жүргүзүү боюнча иштерге мамлекеттик органдарды тартуу | ЮМ, министрликтер жана ведомстволор | |
2.8 | (в) министрликтердин жана ведомстволордун аракеттеринин/милдеттенмелеринин пландарына жасалган иш тууралуу кеңири маалыматтык кампанияны, ошондой эле ЖМКда тейлеген тармактарга ылайык ЧУАны түшүндүрүү менен чыгып сүйлөгөн сөздөрүн жайылтуу | Бекитилген планга ылайык | Калктын министрликтер менен ведомстволордун иши тууралуу жакшы пикирин калыптандыруу, аларда тармактык мыйзамдардын бар экендигин көрсөтүү | Министрликтер жана ведомстволор | |
2.9 | Жалпы билим берүүчү мекемелерде (мектептерде) жана жогорку окуу жайларында (ЖОЖдордо) укук тематикасына түшүндүрүү лекцияларын өткөрүү тажрыйбасын жайылтуу | Жыл сайын | Маектешүү аянтчасын түзүү | Министрликтер жана ведомстволор, Башпрокуратура (макулдашуу боюнча), Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), БШК (макулдашуу боюнча) | |
2.10 | Адамдын жана жарандын мыйзам ченемдүү жүрүм-турумдарын пропагандалоо | Талаштарды (карама-каршылыктарды) чечүүнүн укуктук ыкмаларынын натыйжалуулугун даана тастыктоо үчүн медиа продуктуларды иштеп чыгуу жана чыгаруу | 2016-жылдын 1-декабры | Талаштарды (карама-каршылыктарды) зордук-зомбулуксуз чечүүнүн тажрыйбасы кеңейтилет | ЮМ, ММТМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЭЛТР, "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана" |
2.11 | Жарандардын мыйзам ченемдүү жүрүм-турумдарынын жакшы үлгүлөрүн ММК жана Интернет мейкиндиги аркылуу жайылтуу тажрыйбасын киргизүү | Дайыма | Мыйзам ченемдүү жүрүм-турумдун үлгүлүү жактары калыптанат | ЮМ, ИИМ, ЖАМК, ММТМ, Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), КТРК (макулдашуу боюнча), ЭЛТР, "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана" | |
2.12 | "Тилектештик автобусунун" жардамы менен укуктук маалымат жана кеңештерди берүү тажрыйбасын жайылтуу | 2016-2017-жылдары | Акысыз квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү | ЮМ, шаарлардын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, БУУӨП (макулдашуу боюнча) | |
2.13 | Коомдук-профилактикалык борборлор үчүн укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралардын типтүү планын жана методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу | 2016-жылдын 1-апрели | Айыл аймактарында укук бузуулардын санын азайтуу | ИИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги | |
2.14 | Мыйзамды сыйлоо боюнча мамилелерди мыкты чагылдыргандыгы үчүн журналисттер үчүн жыл сайын сыйлыктарды белгилөө | 2016-2020-жылдары | Журналисттерге укуктук маселелерди, мыйзамды сыйлоо маселелерин чагылдырууга дем берүү | ММТМ, Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), КТРК (макулдашуу боюнча), ЭЛТР | |
2.15 | Укуктук тематика боюнча төмөнкүдөй социалдык роликтерди түзүү жана көрсөтүү: - айдоочулардын жолдо укукка каршы келген жүрүм-турумунун алдын алуу; - жолдорду тосуунун алдын алуу; - жарандардын коррупцияга каршы укуктук аң-сезиминин калыптануусу; - жарандардын шайлоого карата укуктук аң-сезимин, анын ичинде шайлоо-укуктук активдүүлүгүн жогорулатуу; - балдардын үстүнөн зордук-зомбулукту токтотуу боюнча | 2016-2020-жылдары | Коомдук укуктук аң-сезимге милдеттерди ак ниет аткарууну жана укуктук ченемдерди сактоону жайылтуу | ЮМ, ИИМ, БШК (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ, ММТМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЭЛТР |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги; |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
МУКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети; |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги; |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы; |
Башпрокуратура | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы; |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы; |
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы; |
УСИИ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту; |
БШК | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы; | |
КБА | - | Кыргыз билим берүү академиясы; |
КМЮА | - | Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы; |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы; |
ЭЛТР | - | Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясы; |
КМДБ | - | Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы; |
БУУӨП | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы. |