КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 17 мартындагы № 129 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 1-ноябрындагы № 594 "Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарып жаткан убакта жаракат алган же каза болгон учурларда камсыздоонун, камсыздоо төлөмдөрүн төлөп берүүнүн өлчөмүнүн шарттары, тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын билим берүү мекемелеринин курсанттарын социалдык коргоону жакшыртуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат алган же каза болгон учурларда камсыздандыруу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 1-ноябрындагы № 594 "Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарып жаткан убакта жаракат алган же каза болгон учурларда камсыздоонун, камсыздоо төлөмдөрүн төлөп берүүнүн өлчөмүнүн шарттары, тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин камсыздандыруунун тартиби, шарттары жана кызматтык милдеттерин аткарууда майып же курман болгон учурларында берилүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө жободо:

- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Ички иштер органдарынын билим берүү мекемелеринин курсанттары ички иштер органдарынын билим берүү мекемелерине кирген күндөн тартып камсыздандырылган деп саналат.";

- 8-пункттун төртүнчү абзацы "акыркы кызмат ордундагы" деген сөздөрдөн кийин "(ички иштер органдарынын билим берүү мекемелеринин курсанттарынан тышкары)" деген сөздөр менен толукталсын;

- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Ички иштер органдарынын билим берүү мекемелеринин курсанттарына карата жөлөкпул ички иштер органдарынын катардагы курамынын кызматкеринин минималдуу кызматтык маянасынын өлчөмүнөн эсептелет.".

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


Т.Сариев


Тиркемелер

Басып чыгаруу