КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 17 мартындагы № 132 токтому

«Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл  тукум заводу» мамлекеттик мекемесинин  мүлкүн  Чүй облусунун Аламүдүн районундагы  Арашан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине  өткөрүп берүү жөнүндө 

«Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу» мамлекеттик мекемесинин андан ары иштөөсүнүн максатка ылайыксыздыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:   

1.  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги белгиленген тартипте: 

- «Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу» мамлекеттик  мекемесин жойсун;

 - жоюу комиссиясын түзсүн жана «Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл  тукум заводу» мамлекеттик мекемесинин жоюлушу менен байланышкан чараларды көрсүн. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд «Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу» мамлекеттик мекемесин жоюунун жыйынтыгы боюнча анын мүлкүн белгиленген тартипте ушул токтомдун тиркемесинде  көрсөтүлгөн тизмекке ылайык Чүй облусунун Аламүдүн  районундагы Арашан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин. 

3. Чүй облусунун Аламүдүн  районундагы  Арашан айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын: 

- ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү муниципалдык менчикке  кабыл алуу; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирге өткөрүлүп берилүүчү мүлктүн өткөрүп берүү актысын бекитүү.

 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси  жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.       

Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев
 

Тиркеме


«Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл  тукум заводу» мамлекеттик мекемесинин балансынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине  өткөрүлүп  берилүүчү мамлекеттик мүлктүн   

 тизмеги

Инв.

Аталышы 

Ишке

кирген жылы

Өлчөө бирд.

Баланс-тык

наркы (сом менен)

Калдык баасы

(сом менен)

Эскертүү

1 Уйкана197411017817816750 
2035Кырман197011948922761 
3002Кык сактоочу жай19741322137    - 
4011Борбордук музоокана19701468056    - 
5016Жаш малдар үчүн  бастырма19821410320156987 
6016Силос аңы19821735199287983 
7027Электрофикация системасы19821563757312Электр трансфор-матору
8030Эгин кампасы1972130811548570 
9031Эгин кампасы19671703152940 
10036Тоюттар үчүн кампа1984123796483900 
11038Лабораториялык корпус198211017743384784 
12048Сенаж траншеясы19751119127      - 
13049Сенаж траншеясы1975142271      - 

012

Жыйынтыгы

 1350002811791987 
1110Т-150 трактору, сокосу менен199013631830073 
2111МТЗ - 80 трактору19901184500132625 

013

Жыйынтыгы

 2220818162698 
1532Эгин тазалоочу машина198311994519945Иштебеген  абалда
2531Дары чачкыч198912310023100Иштебеген  абалда

016

Жыйынтыгы

 24304543045 
  

БААРЫ

  52641441997730 

    

Тиркемелер

Басып чыгаруу