Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 41 “Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга Иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын экономикасындагы кризистик көрүнүштөрдү жеңип чыгууга багытталган иш-чараларды күчөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 41 “Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга Иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолор тиркемеге ылайык киргизилсин. 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |