Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кызматтык турак жай менен камсыздоо жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн аскер кызматчыларын, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кызматтык батирлер менен камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду:
- Ош шаарында: “Манас-Ата” кичи району, И.Раззаков көчөсү, 46“А” жана Моторная көчөсү, № 8;
“Достук” кичи району, Макаренко көчөсү, номуру жок даректеринде жайгашкан турак жай үйлөрүн мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти менен биргеликте ушул токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн турак жай үйлөрүндөгү кызматтык батирлерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматка, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти менен биргеликте Ош шаарында: “Манас-Ата” кичи району, И.Раззаков көчөсү, 46 “А”дарегинде жайгашкан турак жай үйүнүн жертөлө кабатын Ош облустук мамлекеттик архивинин документтерин сактоо жана комплектилөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Архивдик агенттигинин балансына өткөрүп берсин.
2. Ош шаарында: “Манас-Ата” кичи району, И.Раззаков көчөсү, 46 “А” жана Моторная көчөсү, № 8; “Достук” кичи району, Макаренко көчөсү, номуру жок даректеринде жайгашкан турак жай үйлөрүндөгү кызматтык батирлерди ушул токтомдун тиркемесине ылайык Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине бөлүштүрүүнү бекитсин.
3. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын жетекчилери:
- ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн батирлерди оперативдүү башкарууга кабыл алышсын; - ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн кызматтык батирлерди алуучу адамдардын тизмесин түзүү жана бекитүү үчүн ведомстволук комиссияларды түзүшсүн;
- кызматтык батирлердин кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилишин камсыздашсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы батирлерди оперативдүү башкарууга укуктарды белгиленген тартипте каттасын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 495 “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “
11 | “Манас-Ата” кичи району, Моторная көчөсү, № 4, 6, 10, 12 (4 корпус) | 105 |
”. 6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 583 “Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын башка аскердик түзүмдөрүнүн аскер кызматчыларын турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө” токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 583 “Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын башка аскердик түзүмдөрүнүн аскер кызматчыларын турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 738 токтому.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев