КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 14 мартындагы № 121 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 708 “2016-жылга статистикалык иштердин программасы жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

  Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен өз ара соода боюнча расмий статистикалык маалыматтардын толуктугун камсыздоо жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен тышкы соода ишин жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттердин толук реестрин жүргүзүү максатында, “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 708 “2016-жылга статистикалык иштердин программасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-жылга статистикалык иштердин программасындагы “Улутстаткомдун эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташуусу жана өз ара аракеттенүүсү” 7-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 28-31-пункттар менен толукталсын: “


28Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердикти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо жөнүндө маалыматтарды берүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 токтому)

МСК

Ай сайын

29Салык төлөөчүлөрдүн товарларды ташып кирүү, кыйыр салыктарды төлөө жана чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча ташылып кирүүчү товарлардын көлөмү жөнүндө арыздарына ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүүчү салык төлөөчүлөр  жөнүндө маалыматтарды берүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 токтому)

МСК

Ай сайын

30ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына  Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыккан салык төлөөчүлөр жана чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча ташылып чыгуучу товарлардын көлөмү жөнүндө маалыматтарды берүү (ЕАЭБ жөнүндө келишимдин № 18 тиркемесине ылайык)

МСК

Ай сайын

31ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден республикага жеке жактар тарабынан алып келинген транспорттук каражаттарды алгачкы каттоо жөнүндө маалыматтарды транспорттун түрлөрү боюнча берүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын                         15-февралындагы № 65 токтому)

Мамкаттоо

Ай сайын

”.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосундагы маалыматтарды алмашуу туруктуу жана акысыз негизде, автоматташтырылган режимде, макулдашылган технологиялар, мөөнөттөр жана көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалыматтардын купуялуулугу жана коргоо талаптарын сактоону эске алуу менен ишке ашырылары белгиленсин. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.    

  Премьер-министр                                                           Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу