2016-2019-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди ѳнүктүрүүконцепциясын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасында жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү жана финансылык борбордон ажыратуу реформаларын ишке ашыруу, мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 10-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин: - 2016-2019-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди ѳнүктүрүү концепциясы 1-тиркемеге ылайык;
- 2016-2019-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди ѳнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга катышкан министрликтер жана администрациялык ведомстволор, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө ишке ашырууну камсыздоо боюнча толук чараларды көрсүн; - жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-январына чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мониторинг жүргүзсүн жана жыл сайын, 5-февралга чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев