КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 3 мартындагы № 112 токтому

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө

Коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

 1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгына кайра уюштурулсун, мында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүнүштөрүнүн кайгуул-күзөт кызматынын функциялары, материалдык-техникалык базасы жана штаттык бирдиктери этабы менен төмөнкүдөй мөөнөттөрдө өткөрүп берүү менен: 

- Бишкек шаарынын, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыктарынан, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан – 2016-жылдын 1-апрелинен баштап; 

- Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарынын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыктарынан – 2016-жылдын 1-июлунан баштап.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык; 

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык. 

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

 - ушул токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацында аталган  аймактык бөлүнүштөр өзүнүн функцияларын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча гана 2016-жылдын 1-июлуна чейин ушул токтом менен бекитилген Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жөнүндө жобонун 6-пунктунун талаптарына ылайык аткара тургандыгы; 

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин штатын алгачкы комплекттөө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүнүштөрүнүн Жол-кайгуул кызматынын жана кайгуул-күзөт кызматынын учурдагы кызматкерлеринин санынан түзүлө тургандыгы; 

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгына кызматкерлерди кызматка алуу 2016-жылдын 1-октябрынан тартып конкурстун негизде гана жүргүзүлөөрү. 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 711 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын техникалык багыттагы борбору” мамлекеттик ишканасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- аталышында, преамбуласында, 2 жана 4-пункттарында “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын техникалык багыттагы борбору” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “1. “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын техникалык багыттагы борбору” мамлекеттик ишканасы “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору” мамлекеттик ишканасына кайра аталсын; 

- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын техникалык багыттагы борбору” мамлекеттик ишканасынын уставында: аталышында жана 1-пунктунда “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын техникалык багыттагы борбору” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору” деген сөздөр менен алмаштырылсын; бүткүл текст боюнча “ЖКК” деген аббревиатура “ПМББ” деген аббревиатура менен алмаштырылсын; 

- 4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “4. Борбордун толук расмий аталышы: 

- мамлекеттик тилде: 

“Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору” мамлекеттик ишканасы”: 

- расмий тилде: 

“Государственное предприятие “Центр технического назначения Главного управления патрульной милиции Министерства внутренних дел Кыргызской Республики”.

 5. Борбордун кыскартылган расмий аталышы: 

- мамлекеттик тилде: 

“КР ИИМ ПМББ ТББ” МИ”; 

- расмий тилде: “ГП “ЦТН ГУПМ МВД КР”.    

 5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги: - ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;

 - ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.

 6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтому.

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.

 7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

8. Ушул токтом 2016-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. 

9. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.


Премьер-министр                                                     Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу