КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 3 мартындагы № 108 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 Альтернативдик кызматты өтөөнү тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 306 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо: 

- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“9. Альтернативдик кызмат өтөө альтернативдик кызмат өтөөчүлөр тарабынан, диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары, чакырылган жери боюнча райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине акчалай төгүмдүн төлөнүшүн карайт. Альтернативдик кызматка чакырылгандар үчүн акчалай төгүмдүн өлчөмү альтернативдик кызматтын бардык убактысы үчүн 180 эсептик көрсөткүчтү түзөт. Алардын ичинен 20 пайызы мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине которулат. Ар бир кварталдын ичинде акчалай төгүмдүн жалпы өлчөмүнүн алтыдан бир бөлүгүнөн кем эмеси төлөнүүгө тийиш. Диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан 180 эсептик көрсөткүчүнүн өлчөмүндө келип түшкөн акчалай каражаттар, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын  атайын эсебине багытталат.”; 

- 10-пунктта: биринчи абзац “Альтернативдик кызматка чакырылган жарандардан” деген сөздөрдөн кийин “, диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары,” деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: “Диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан түшкөн акчалай каражаттар социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларынын маданий-тиричилик жашоо шарттарын жакшыртууга багытталат.”; 

- 24-пунктта: биринчи абзац “альтернативдик кызматтын кызматкерлери” деген сөздөрдөн кийин “, диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары,” деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: “Диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардын катарындагы, Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кызмат өтөгөн жана белгиленген төгүмдү толук көлөмдө төлөгөн альтернативдик кызматтын кызматчылары альтернативдик кызматтан бошотулат жана аскердик каттоодон чыгарылат.”. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 “Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо: - 4-пункттун “б” пункчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“- диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары, альтернативдик кызматтан Куралдуу Күчтөрдүн запасына бошотулгандар;”. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169 “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын каражаттары жөнүндө жободо: 

- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

“- Министрликтин социалдык стационардык мекемелеринде жашаган адамдарга социалдык-тиричилик жана социалдык-маданий кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртуу.”; 

- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

 “- диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган альтернативдик кызматтын кызматчыларынан түшкөн акчалай каражаттардын.”; 

- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

 “- Министрликтин социалдык стационардык мекемелеринде жашаган адамдарга социалдык-тиричилик жана социалдык-маданий кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртууга.”. 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                               Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу