Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууга тартуунун тартибин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууга тартуунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-майындагы № 293 “Кыргыз Республикасынын граждандарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоого тартуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 7-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 40 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 7-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 6-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 5 - пункту.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев