Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринкүчүн жоготту деп таануу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинетинин 1991-жылдын 12-сентябрындагы № 449 “Кыргызстан Республикасынын токой фондусунун жерлериндеги айыл чарба жерлерин пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 5-январындагы № 2 “Чет өлкөлүк граждандарга Кыргыз Республикасында жашоого уруксат берүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 2-майындагы № 276 “Рыноктук экономикага өтүүгө байланыштуу кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 5-январындагы № 2 “Кыргыз Республикасынын Геология, жер казыналарын пайдалануу жана коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин геологиялык уюмдарынын өндүрүштүк жаракаттан улам эмгекке жөндөмдүүлүктү жоготууга байланыштуу жөлөкпул жана өндүрүштүк жаракатка байланыштуу майыптык боюнча пенсияларды төлөө боюнча чыгымдарынын ордун толтуруу жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 “Бекем отчеттуулуктагы документтерди даярдоо жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-октябрындагы № 664 “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасына келип-кетишинин тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуу тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 21-январындагы № 40 “Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин штатына Министрдин орун басарынын кошумча кызматын киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июлундагы № 514 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль башкармасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 431 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июлундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы № 565 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |