КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 3 мартындагы № 105 токтому

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 “Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жободо: 

-       төмөнкүдөй мазмундагы 251-пункт менен толукталсын: 

“251. КНСтин эсеп-фактураларынын бланкаларынын тармактык формалары боюнча серияларды жана номерлерди алгачкы жолу алууда салык салынуучу субъект салыктык катталган жери боюнча салык органына 16-тиркемеге ылайык форма боюнча, жылдын аягына чейинки калган айлардын санына көбөйтүлгөн бир айлык керектөөсүнүн эсебинен номерлерге болгон керектөөсүн көрсөтүү менен КНСтин эсеп-фактураларынын тармактык формаларына (DOC STI-015) серияларды жана номерлерди ыйгарууга арыз берүүгө милдеттүү.”;

 - 26-пункт “үчүн” деген сөздөн мурун “кийин” деген сөз менен толукталсын;

 - 31-пункттун 2-пунктчасы: 

“(аткарылган иштерди, көрсөтүлгөн кызматтарды) жеткирүүчүнүн  жана сатып алуучунун” деген сөздөрдөн кийин “14 белгиден ашпаган цифралык белгилөөлөрдөн турган” деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: “Эгерде сатып алуучунун ИСНи 14 белгиден ашкан цифралык белгилөөлөрдөн турса, анда баштапкы 14 белгиси көрсөтүлөт. Эгерде сатып алуучунун ИСНи 14 белгиден ашпаган цифралык белгилөөлөрдөн турса, анда белгилердин болгон саны көрсөтүлөт.”;

 - 41-пункт “КНСтин эсеп-фактурасы” деген сөздөн кийин “ИСНи жок чет өлкөлүк компанияга же болбосо” деген аббревиатура жана сөздөр менен толукталсын; - 43-пункт “маалым дареги боюнча” деген сөздөн кийин “анын ИСНи, ал эми ИСНи жок болгон учурда -” деген сөздөр жана аббревиатура менен толукталсын;

 - 471-пункттагы “Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып кирилген товарлар боюнча жүктүн бажы декларациясынын реестринен (DOC STI-024) тышкары, салык салынуучу жеткирүүлөргө КНСтин эсептик-фактураларын жазып беришет жана жалпы белгиленген тартипте салык органына КНСтин эсептик-

фактураларынын бланктары боюнча” деген сөздөр жана аббревиатуралар “салык салынуучу жеткирүүлөргө КНСтин эсеп-фактураларын жазып беришет жана белгиленген тартипте салык органына КНС жана КНСтин эсеп-фактураларынын бланктары боюнча” деген сөздөр жана аббревиатуралар менен алмаштырылсын; 

- 50-пунктта: “ошондой эле” деген сөздөрдөн кийин “жарнамалык акциялардын жүрүшүндө калкка товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) акысыз жеткирүүдө,” деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“Жарнамалык акциялардын жүрүшүндө калкка товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) акысыз жеткирүүдө, КНСтин эсеп-фактурасында товарлардын (жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркы эсептик наркы боюнча көрсөтүлөт.”. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 “Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

 1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде: 

- КНС боюнча отчеттун “Жеткирүүлөрдүн реестри” 01-тиркемеси (FORM STI-062-001) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; 

- КНС боюнча отчеттун “Кыргыз Республикасында сатып алынган материалдык ресурстардын реестри” 02-тиркемеси (FORM STI-062-002) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; 

- КНС боюнча отчеттун “Кыргыз Республикасына ташып келинген материалдык ресурстардын реестри” 03-тиркемеси (FORM STI-062-003) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; 2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде: 

-       2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: “Эскертүү. Салыктык контракттын негизинде КНС төлөөчү салык салынуучу субъект жалпы белгиленген тартипте КНС боюнча отчетту салык органына тапшырат.”; 

-       9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “9. КНС боюнча отчеттогу жана анын тиркемелериндеги көрсөткүчтөр сом жана тыйындар менен көрсөтүлөт.”; 

- 22-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Бул көрсөткүч КНС боюнча отчеттун 01-тиркемесинин акыркы барагынын 9-графасынын “Салык салынуучу жеткирүүлөр” сабынын жыйынтык маанисине барабар.”; - 23-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

“КНС боюнча отчетко КНС салынуучу чөйрөдөн тышкаркы операциялар киргизилбейт.”; - 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“Эскертүү. КНС боюнча отчеттун бул уячасында салык салынуучу субъект тарабынан 2015-жылдын 12-августунан тартып Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттерге “нөлдүк” ставка боюнча жүргүзүлгөн жеткирүүлөр көрсөтүлөт.”; 

- 26-пункттагы “салык салынуучу” деген сөздөр алып салынсын; - 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: “Эскертүү. КНС боюнча отчеттун бул уячасында 2015-жылдын 12-августунан тартып Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген материалдык ресурстар көрсөтүлөт.”; 

- 34-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: “Эскертүү. КНС боюнча отчеттун бул уячасында 2015-жылдын 12-августунан тартып Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген материалдык ресурстар көрсөтүлөт.”; 

- 37-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: “Бул уячадагы көрсөткүч 064-уячанын маанисине барабар же кем болууга тийиш.”; 

-   38-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: “Салыктык контракттын негизинде салыктарды төлөөчү салык салынуучу субъекттин КНС боюнча салыктык милдеттенмеси шарттуу болуп саналат жана КНС боюнча салык төлөөчүнүн өздүк эсебинин карточкасында көрсөтүлбөйт.”; 

-       41-пункттун 2-пунктчасындагы “жеткирүүлөрдүн салык салынуучу наркын” деген сөздөр “жеткирүүлөрдүн (салык салынуучу, бошотулган жана салык салынбоочу) наркын” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 44-пункт “келип түшкөндө” деген сөздөрдөн кийин “жана/же оңдоодо” деген сөздөр менен толукталсын”; 

- 45-пунктта: 3-пунктчанын үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “- алдын ала төлөө келип түшкөндө: 

“АВАНС-1” (Кыргыз Республикасынын субъекттеринен), “АВАНС-2” (Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин субъекттеринен), “АВАНС-3” (үчүнчү өлкөлөрдүн субъекттеринен) деген сөздөр жана цифралар; 

-       орду толтурулган өнбөс карыз келип түшкөндө: “КАРЫЗ-1” (Кыргыз Республикасынын субъекттеринен), “КАРЫЗ-2” (Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин субъекттеринен), “КАРЫЗ-3” (үчүнчү өлкөлөрдүн субъекттеринен) деген сөздөр жана цифралар;”; 

4-пунктча: - төмөнкүдөй мазмундагы онунчу сап менен толукталсын:


115Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) эсептик наркынан төмөн баада жеткирүү же акысыз жеткирүү
                                                                                                                  ”; - төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи сап менен толукталсын: “

125

“Алымсыз соода дүкөнүнө” жеткирүү (“0” ставкасы)

                                                                                                                 ”;

- төмөнкүдөй мазмундагы отуз сегизинчи жана отуз тогузунчу саптар менен толукталсын: “

222

Эл аралык уюмдардын долбоорлорунун дарегине жана эл аралык келишимдердин негизинде жеткирүү

225

Бошотулган жеткирүүлөрдү оңдоо

                                                                                                                 ”;

- төмөнкүдөй мазмундагы кырк жетинчи сап менен толукталсын:

310

Салык салынбаган жеткирүүлөрдү оңдоо


”; 6-пунктчада:

 -       биринчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: “Сатып алуучунун-резидент эместин ИСНи болбогон учурда, бул графада “99999999999999” цифралары көрсөтүлөт”.”; 

-           экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“Эгерде сатып алуучунун ИСНи салык салынуучу субъект төмөнкүлөрдү ишке ашыруу учурунда 14 белгиге дал келбеген цифралык белгилөөлөрдөн турса:”; 

- төртүнчү абзацтагы “жеке жактарга -” деген сөздөр алып салынсын; 7-пунктчада: 

- төртүнчү абзацтагы “Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча” деген сөздөр жана аббревиатура “Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча резиденттер же Кыргыз Республикасынын аймагында резидент эместер тарабынын” деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын; 

-       бешинчи абзацтагы “жеке жактардын-резидент эместердин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын аймагындагы резидент эместердин” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 8-пунктчада:

 - биринчи абзац “жеткирүүнүн датасы,” деген сөздөн кийин “мурда ишке ашырылган жеткирүүлөрдү оңдоодон,” деген сөздөр менен толукталсын; 

- үчүнчү абзац “КНС боюнча каттоо жокко чыгарылганда” деген сөздөрдөн жана аббревиатурадан кийин “, аткарылган, бирок төлөнбөгөн курулуш-монтаждоо иштери боюнча КНСтин эсеп-фактураларын тариздөөдө” деген сөздөр жана аббревиатура менен толукталсын; 11-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“Салыктык милдеттенмени 35%га азайтууну караган Салык кодексинин 276-беренесинин ченемине ылайык айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүчү субъекттер тарабынан товарлар жеткирилген учурда 9-11-графалардагы маалыматтар жазып берилген эсеп-фактурага жана 4-графа боюнча “102” жеткирүү кодуна ылайык факт боюнча көрсөтүлөт.”;

 -       46-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “46. Салык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бүтүмдөрдүн шарттары өзгөрүлгөн учурда жеткирүүлөрдүн салык салынуучу наркын азаюу (көбөйүү) жагына оңдоодо 9, 10 жана 11-графалардагы көрсөткүчтөр эгерде мааниси терс болсо “-” кемитүү белгиси менен, же эгерде мааниси оң болсо “-” кемитүү белгиси жок, “Жеткирүү коду” 4-графанын “110” жеткирүүнүн тийиштүү коду жана  “№” 12-графа жана “Сериясы” 13-графа боюнча оңдолуучу эсеп-фактуранын номерлерин жана серияларын милдеттүү түрдө толтуруу менен көрсөтүлөт. “Жеткирүү датасы” 8-графада баштапкы эсеп-фактурасы боюнча жеткирилген дата көрсөтүлөт. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен кассалык жана товардык чектер боюнча чекене сатуу түйүнүндө салык салынуучу субъект тарабынан сатылган материалдык ресурстардын көлөмдөрүн оңдоодо “Аталышы (аты-жөнү)” 5-графада “ККМ” аббревиатурасы көрсөтүлөт, “Сатып алуучунун ИСНи” 6-графада жана “Сатып алуучунун  СО/өлкөсүнүн коду” 7-графада - “99999999999999” жана тиешелүү түрдө “111” цифралары көрсөтүлөт. Жеткирүүлөрдүн бошотулган же салык салынбаган наркын азаюу (көбөйүү) жагына оңдоодо “КНСсиз наркы” 9-графадагы көрсөткүчтөр эгерде мааниси терс болсо “-” кемитүү белгиси менен, же эгерде мааниси оң болсо “-” кемитүү белгиси жок, “Жеткирүү коду” 4-графанын  “225” же “310” жеткирүүнүн тийиштүү коду менен көрсөтүлөт. “Жеткирүү датасы” 8-графада баштапкы ББЭД боюнча жеткирүү датасы көрсөтүлөт, “КНСтин суммасы” 10-графада - “0” мааниси, ал эми “№” 12 жана “Сериясы” 13-графаларда оңдолуучу эсеп-фактуралары көрсөтүлөт - маанилери көрсөтүлбөйт.”; 

- 54-пункттагы “10 жана 11-графаларда” деген цифралар жана сөздөр “10-графада” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын; 

- 55-пунктта: биринчи абзацтагы “ошондой эле так отчеттук бланкаларын (мындан ары - ТОБ) колдонуу жана эсептешүүлөрдү төлөөнүн электрондук түзүлүшү (терминалдар, банкоматтар) (мындан ары - ТЭТ) аркылуу жүргүзүү менен калкка көрсөтүлгөн кызматтар” деген сөздөр жана аббревиатуралар “так отчеттук бланктарын (мындан ары - ТОБ) же баштапкы бухгалтердик эсепке алуу документтерин (мындан ары - ББЭД) колдонуу жана төлөөнүн электрондук түзүлүшү (терминалдар жана банкоматтар) (мындан ары - ТЭТ) аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү менен аткарылган иштер жана калкка көрсөтүлгөн кызматтар, ошондой эле жарнамалык акциялардын алкагында керектөөчүгө товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) акысыз берүү” деген сөздөр жана аббревиатуралар менен алмаштырылсын; 1-4-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“1) “Көчүрмөнүн датасы” 1-графада төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - отчеттук салык мезгилинин акыркы числосу, мисалы, 2015-жылдын январы үчүн:” 31.01.2015”; 

же - салык органында КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктарын алган датадан эрте болбогон дата; 

2) “Эсеп-фактурасынын/ББЭД №” 2-графада салык салынуучу жеткирүүлөрдү ишке ашырууда жазып берилген эсеп-фактуранын номери же бошотулган жеткирүүлөрдү ишке ашырууда “ББЭД” аббревиатурасы көрсөтүлөт; 

3). “Эсеп-фактуранын/ББЭД сериясы” 3-графада салык салынуучу жеткирүүлөрдү ишке ашырууда жазып берилген эсеп-фактурасынын сериясы же бошотулган жеткирүүлөрдү ишке ашырууда “ББЭД” аббревиатурасы көрсөтүлөт; 

4). “Жеткирүү коду” 4-графада “100”, “101”, “115”, “122”, “123” коддору же ушул Тартиптин 45-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн бошотулган жеткирүүнүн тийиштүү коду көрсөтүлөт;”; 5-пунктча “же КАЛК деген сөз” деген сөздөр менен толукталсын; 9-11-пунктчаларда: 

- “жалпы салык салынуучу наркы, ошондой эле ТОБду колдонуу жана эсептешүүлөрдү ТЭТ аркылуу жүргүзүү менен калкка көрсөтүлгөн кызматтар” деген сөздөр жана аббревиатуралар “ошондой эле ТОБду колдонуу жана эсептешүүлөрдү ТЭТ аркылуу жүргүзүү менен калкка көрсөтүлгөн кызматтардын жалпы салык салынуучу наркы” деген сөздөр жана аббревиатуралар менен алмаштырылсын; 

- “ТОБ” деген аббревиатурадан кийин “же ББЭД” деген сөз жана аббревиатура менен толукталсын; 

- “ТЭТ аркылуу жүргүзүү менен” деген аббревиатура жана сөздөрдөн кийин “же керектөөчүгө товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) акысыз берүүдө” деген сөздөр менен толукталсын; 

11-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“Эскертүү. Товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр КНСтин же сатуудан алынуучу салыктын ар кандай ставкасы менен сатылган учурда, КНСтин эсеп-фактурасы салык салынуучу субъект тарабынан КНСтин же сатуудан алынуучу салыктын ар бир ставкасы боюнча өзүнчө жазып берилет.”; 

-       төмөнкүдөй мазмундагы 551-пункт менен толукталсын: 

“551. Салык салынуучу субъект тарабынан товарлар эсептик наркынан төмөн баада жеткирилген учурда  Реестрди тариздөө төмөнкү позициялардан тышкары, ушул Тартиптин 45-пунктунда белгиленген тартипте жүргүзүлөт:

 -       “Жеткирүү коду” 4-графада “115” коду көрсөтүлөт; 

- “ИСН” 6-графада Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө 14 цифралык белгилөөдөн турган жана Кыргыз Республикасынын аймагына резидент эместердин дарегине экспорттоо жана жеткирүү учурунда 14 цифралык белгилөөдөн кем болгон сатып алуучунун ИСНи көрсөтүлөт; 

- “СО/өлкөнүн коду” 7-графада  Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө салык органынын коду жана Кыргыз Республикасынын аймагына резидент эместердин дарегине экспорттоодо жана жеткирүүдө өлкөнүн коду көрсөтүлөт; 

- “КНСсиз наркы” 9-графада КНСсиз эсептик наркынан төмөн баада сатылган товарлардын наркы көрсөтүлөт; 

- “КНСтин суммасы” 10-графада эсептик наркынан төмөн баада сатылган товарлардын КНСинин суммасы көрсөтүлөт; 

- “КНС менен жалпы наркы” 11-графада КНС менен эсептик наркынан төмөн баада сатылган товарлардын жалпы наркы көрсөтүлөт; 

- “№” 12 жана “Сериясы” 13- графалар толтурулбайт. 

Эскертүү. Эсептик наркынан төмөн баада товарларды жеткирүүдө 01-реестрдин 9-10-графалары боюнча жыйынтык маанилер 050-054 жана 059-уячалар боюнча КНС боюнча отчеттун маалыматтарына дал келбейт.”; 

- 56-пунктта: биринчи абзац “келип түшкөн” деген сөздөрдөн кийин “же оңдолуучу” деген сөз менен толукталсын; 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “3) 3-графада: - Кыргыз Республикасынын субъекттеринен алдын ала төлөө келип түшкөндө (оңдолгондо): 

“АВАНС-1” деген сөз жана цифра; 

- Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин  субъекттеринен алдын ала төлөө келип түшкөндө (оңдолгондо): 

“АВАНС-2” деген сөз жана цифра; 

- үчүнчү өлкөлөрдүн субъекттеринен алдын ала төлөө келип түшкөндө (оңдолгондо): 

“АВАНС-3” деген сөз жана цифра; 

- Кыргыз Республикасынын субъекттеринен орду толтурулган өнбөс карыз келип түшкөндө:

 “КАРЫЗ-1” деген сөз жана цифра; 

- Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин  субъекттеринен орду толтурулган өнбөс карыз келип түшкөндө: 

“КАРЫЗ-2” деген сөз жана цифра;

 - үчүнчү өлкөлөрдүн субъекттеринен орду толтурулган өнбөс карыз келип түшкөндө

 “КАРЫЗ-2” деген сөз жана цифра; 4-пунктча “(алдын-ала төлөө түшкөндө)” деген сөздөрдөн кийин “, “112” (алдын ала төлөө оңдолгондо)” деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын; 8-пунктчанын үчүнчү абзацы “түшкөндө” деген сөздөн кийин (оңдолгондо) деген сөз менен толукталсын;

 9, 10 жана 11-пунктчалар  “келип түшкөн” деген сөздөрдөн кийин (оңдолуучу) деген сөз менен толукталсын; 

- төмөнкүдөй мазмундагы 561-пункт менен толукталсын:

 “561. Сатылган товарлар, көрсөтүлгөн кызматтар жана аткарылган жумуштар үчүн төмөнкү сатып алуучулардан келип түшкөн (оңдолуучу) алдын-ала төлөөнүн суммалары: 

1)  ККМди, ТОБду (ББЭДди) колдонуу жана ТЭБ аркылуу, ошондой эле эсептешүүлөрдүн башка түрлөрү жана ыкмалары менен Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөрдү жүргүзүү менен жеке жактардан; 

2)  юридикалык жактардан; 

а) отчеттук салык мезгилинин аягында суммаланат жана төмөнкү тартипте бир сап менен Реестрде көрсөтүлөт: 

- “Көчүрмөнүн датасы” 1-графада - отчеттук салык мезгилинин акыркы числосу көрсөтүлөт, мисалы, 2015-жылдын январы үчүн: “31.01.2015”; 

- “Эсеп-фактурасынын/ББЭД №” 2-графада - “0” мааниси көрсөтүлөт; 

- “Эсеп-фактурасынын/ББЭД сериясы” 3-графада - “АВАНС-1” деген сөз жана цифра көрсөтүлөт;

 - “Жеткирүү коду” 4-графада - ушул Тартиптин 45-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн “111” же “112” коду көрсөтүлөт;

 - “Аталышы (аты-жөнү)” 5-графада төмөнкү сөздөр көрсөтүлөт: - “КАЛК” - жеке жактардан алдын-ала төлөө келип түшкөндө; 

- “УЮМ” - юридикалык жактардан алдын-ала төлөө келип түшкөндө; 

- “ИСН” 6-графада - “99999999999999” цифралары; 

- “Салык органынын коду/өлкөнүн коду” 7-графада - “111” цифралары;

 - “Жеткирүү датасы” 8-графа  толтурулбайт;

 - “КНСсиз наркы” 9-графада - сатып алуучулардан КНСтин суммасын эсепке албастан келип түшкөн (оңдолуучу) алдын-ала төлөөнүн жалпы суммасы;

 - “КНСтин суммасы” 10-графада - сатып алуучулардан келип түшкөн (оңдолуучу) алдын-ала төлөөнүн КНСинин жалпы суммасы;

 - “КНС менен жалпы наркы” 11-графада - сатып алуучулардан КНСтин суммасын эсепке алуу менен келип түшкөн (оңдолуучу) алдын-ала төлөөнүн жалпы суммасы; - оңдолуучу эсеп-фактуранын “№” 12 жана “Сериясы” 13-графалары толтурулбайт. 

Эскертүү. Алдын ала төлөөнүн азаюу жагына оңдолуучу суммалары 9, 10 жана 11-графаларда “-” кемитүү  белгиси менен көрсөтүлөт. Уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүүчү салык салынуучу субъекттер тарабынан Жеткирүүлөрдүн реестри алар сатып алуучу-жеке жана юридикалык жактардан алдыда алынуучу уюлдук байланыш кызмат көрсөтүүлөрү үчүн үзгүлтүксүз алдын ала төлөөлөрдү алган (оңдолгон) (мурдагы ырааттуу 12 айдын ичинде) учурда, төмөндө көрсөтүлгөн тартипте толтурулуучу төмөнкү графалардан тышкары, ушундай эле тартипте толтурулат:

 - “Сатып алуучунун аталышы” 5-графада “КР субъекттери” деген аббревиатура жана сөз көрсөтүлөт; 

- “Сатып алуучунун ИСНи” 6-графада - “11111111111111”  цифралары көрсөтүлөт; 

- “СО/өлкөнүн коду”: 

7-графада - “417”  цифралары көрсөтүлөт. Эскертүү. Салык салынуучу субъект ар бир абонент боюнча алдын ала төлөөнүн келип түшкөн суммаларын бухгалтердик эсепке алуу боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык тийиштүү документтерди (маалымкаттарды) тариздөө менен бухгалтердик эсепке алуу регистрлеринде көрсөтүшү керек.”; 

- 59-пункттун 1-пунктчасы “материалдык ресурстар” деген сөздөрдөн кийин “жана аларды оңдоо” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 63-пунктта: 

2-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “- баштапкы бухгалтердик эсепке алуу документинин: тиешелүү “ӨКАРЫЗ” же “ШКАРЫЗ” аббревиатуралары көрсөтүлүүчү өнбөс карыз же шектүү милдеттенме пайда болгон учурлардан тышкары, ББЭД аббревиатурасы - КНС боюнча катталбаган субъекттерден, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы резидент эместерден КНСтен бошотулган материалдык ресурстарды сатып алууда.”; 

4-пунктча  “белгилөөлөрдөн турган ИСНи” деген сөздөрдөн кийин “- Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алууда жана 14 белгиден кем - Кыргыз Республикасынын аймагында резидент эместерден сатып алуу учурунда” деген сөздөр менен толукталсын;”; 

5-пункча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“5) “Салык органынын/өлкөнүн коду” 5-графада – Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда жеткирүүчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын үч орундуу коду же Кыргыз Республикасынын аймагында резидент эместерден товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу учурунда - Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык өлкөнүн коду.”; 

6-пунктчанын биринчи абзацы “төмөнкүлөрдүн пайда болуу учурларынан сырткары” деген сөздөрдөн мурун “сатып алынган материалдык ресурстарды оңдоодон, ошондой эле” деген сөздөр менен толукталсын; 

8-пунктчадагы “же баштапкы бухгалтердик эсепке алуу документтери” деген сөздөр алып салынсын; 9-пунктчада:

 -       “же баштапкы бухгалтердик эсепке алуу документтери” деген сөздөр алып салынсын; 

-       төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: “Эскертүү. Бул графанын мааниси айкалышкан (салык салынуучу жана бошотулган) жеткирүүлөрдө “КНСтин суммасы” 8-графанын маанисинен кем болушу же бошотулган же салык салынбаган жеткирүүдө жок болушу мүмкүн, мында бул графада “0” мааниси көрсөтүлөт.”; 

- 68-пунктта: биринчи абзац “ККМны” деген аббревиатурадан кийин “же ТЭБди, деген сөз жана аббревиатура менен, “чекене тармакта” деген сөздөрдөн кийин “ошондой эле ББЭД (сатып алуу актылары жана бухгалтердик эсепке алуунун башка регистрлери) боюнча калктан” деген сөздөр жана аббревиатура менен толукталсын; 

1-пунктчадагы “000000” цифралары көрсөтүлөт” деген цифралар жана сөздөр “0” мааниси көрсөтүлөт” деген цифра жана сөздөр менен алмаштырылсын; 

2-пунктча “же “ББЭД” аббревиатурасы” деген сөздөр жана аббревиатура менен толукталсын; 3-пунктча “, “ТЭБ” же “ББЭД” деген аббревиатуралар жана сөз менен толукталсын; 

7-пунктча “, ТЭБ же КНСсиз ББЭД боюнча” деген аббревиатуралар жана сөздөр менен толукталсын;

 8-пунктча “, ТЭБ же КНСсиз ББЭД боюнча материалдык ресурстарды сатып алууда “0” мааниси” деген аббревиатуралар, сөздөр жана цифра менен толукталсын; 

9-пунктча: “ККМны” деген аббревиатурадан кийин “же ТЭБди” деген сөз жана аббревиатура менен толукталсын; “жалпы суммасы” деген сөздөрдөн кийин “же КНСсиз ББЭД боюнча материалдык ресурстарды сатып алууда “0” мааниси” деген сөздөр, аббревиатуралар жана цифра менен толукталсын;

 төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын: 

“Салык кодексинин 266-беренесинин 6-бөлүгүнүн ченемдери колдонулган учурда, б.а. сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин конкреттүү эсеп-фактурасын идентификациялоо мүмкүн болбогондо салык салынуучу субъект тарабынан Реестр, төмөнкүдөй тартипте толтурулуучу төмөнкү графалардан тышкары, ушундай эле тартипте толтурулат: 

- “Эсеп-фактурасынын сериясы” 2-графада “266-6” цифралары; 

- “Жеткирүүчүнүн аталышы” 3-графада - “КПМР” аббревиатурасы.”; 

- төмөнкүдөй мазмундагы 681-пункт менен толукталсын: 

“681. Отчеттук салык мезгилинде Салык кодексинин 266-беренесинин 6-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча мурда чегерүүгө алынган КНСтин суммасын азаюу жагына оңдоодо Реестрдеги көрсөткүчтөр “КНСсиз наркы” 7-графада, “КНСтин суммасы” 8-графада жана “Чегерилүүгө тийиш КНСтин суммасы” 9-графада “-” кемитүү белгиси менен көрсөтүлөт. “Жеткирүү датасы” 6-графада КНСтин баштапкы эсеп-фактурасы боюнча жеткирүү датасы көрсөтүлөт. Реестрдин калган графалары ушул Тартиптин 63 же 68-пункттарында каралган тартипте толтурулат.”; 

- 71-пункттагы “салык салынуучу субъект тарабынан ташып келинген” деген сөздөр “салык салынуучу субъект тарабынан отчеттук салык мезгили үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген, бюджетке КНС төлөнгөн же Салык кодексинин ченемдерине ылайык аны төлөөдөн бошотулган материалдык ресурстар, анын ичинде салык салынуучу субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймагынан (мындан ары- КР ЭЭА) ташып келинген товарлар” деген сөздөр жана аббревиатуралар менен алмаштырылсын”; 

- 75-пунктта: 7-пунктча “отчеттук салык мезгили үчүн КНС боюнча отчетту салык органына тапшырган датага чейин болушу керек” деген сөздөр жана аббревиатура менен толукталсын; 

9-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: “Бул графада салык салынуучу субъект тарабынан бир нече МБД (инвойс) боюнча ташууга КНС төлөө бир төлөм документи менен жүргүзүлгөн учурда МБД (инвойс) боюнча ташууга КНСтин суммасы көрсөтүлөт.”; 

10-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи - он төртүнчү абзацтар менен толукталсын: 

“Эскертүү. 

1)      Кыргыз Республикасынын ЭЭА аймагынан товарларды ташууда: 

-      “Жеткирүүчүнүн аталышы” 1-графада ЭЭА субъектинин аталышы жана ИСНи көрсөтүлөт; 

-      “Өлкөнүн коду” 2-графада - “417” (КР коду) цифралары көрсөтүлөт.

 2)   Эгерде ташууга КНСти төлөө бир МБД (инвойс) боюнча бир нече төлөм документтери менен жүргүзүлгөн учурда: 

-       “Датасы” 7-графада баштапкы төлөм документинин датасы көрсөтүлөт; 

-       “№” 8-графада бардык төлөм документтеринин номерлери (үтүр аркылуу) көрсөтүлөт;

 -       “КНСтин суммасы” 9-графада - “КНСтин суммасы” 6-графанын маанисинен көп болбогон төлөнгөн КНСтин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 3) салык органынын корутундусу боюнча РКО аркылуу чегерүү жолу менен салык салынуучу субъекттин болгон ашыкча төлөөсүнүн эсебинен ташууга КНС бюджетке келип түшкөн учурда: 

- “Датасы” 7-графа толтурулбайт; 

- “№” 8-графада “АШЫК ТӨЛӨМ” деген сөз көрсөтүлөт; 

- “КНСтин суммасы” 9-графада – болгон ашык төлөөнүн  эсебинен КНСтин чегерилген суммасы көрсөтүлөт. 

4) 7 жана 8-графалардагы маалыматтар салык салынуучу субъект тарабынан бир нече МБД (инвойс) боюнча ташууга КНСти төлөө бир төлөм документи менен жүргүзүлгөн учурда кайталанышы мүмкүн.”; 

- төмөнкүдөй мазмундагы 751-пункт менен толукталсын:

 “751.Отчеттук салык мезгилинде Салык кодексинин 266-беренесинин 6-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык ташып келинген материалдык ресурстар боюнча мурда чегерүүгө кабыл алынган КНСтин суммасын азаюу жагына оңдоодо Реестрдеги көрсөткүчтөр “КНСсиз наркы” 5-графада, “КНСтин суммасы” 6-графада жана “Чегерилүүгө тийиш КНСтин суммасы” 10-графада “-” кемитүү белгиси менен көрсөтүлөт. Реестрдин башка графалары толтурулууга тийиш эмес “Датасы” 7-графадан жана “№” 8-графадан, ошондой эле “0” мааниси көрсөтүлүүчү “КНСтин суммасы” 9-графадан тышкаркы, ушул Тартиптин 75-пунктунда каралган тартипте толтурулат.”; 

- 77-пункттагы “Евразия экономикалык союзунан” деген сөздөр “Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттерден” деген сөздөр менен алмаштырылсын. - 78-пунктта: биринчи абзацтагы “Евразия экономикалык союзунан” деген сөздөр “Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттерден” деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацтагы “Салык салынган (бошотулган) импорттун өлчөмү” деген сөздөр “Салык салынган импорттун наркы” деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: “Салык салынуучу субъект тарабынан кыйыр салыктар боюнча тапшырылган отчет боюнча КНСтин ашык суммасы бюджетке төлөнгөндө - 9-графада МБД же инвойс боюнча төлөнүүгө тийиш КНСтин суммасы көрсөтүлөт.”; 

бешинчи абзацта:

 “Чегерилүүгө тийиш КНС” деген сөздөр жана аббревиатура “Чегерилүүгө тийиш КНСтин суммасы” деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын;

 төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын: “Эскертүү. Реестрдин акыркы барагынын “Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттерден” жыйынтыктоочу сабындагы маалыматтар 5, 6, 9 жана 10-графаларда Кыйыр салыктар боюнча отчеттун “Импортко КНС” (FORM STI – 123-001) № 1 тиркемесинин 154-уячасынын жана Кыргыз Республикасынын аймагына республиканын ЭЭА аймактарынан ташып келинген товарлардын эсебинен Кыйыр салыктар боюнча отчеттун “Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реестри” (FORM STI – 123-002) № 2 тиркемесинин 6 жана 7-графаларынын жыйынтыктоочу маалыматтарына дал келбейт.”. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                   Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу