КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 5 мартындагы № 113 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 “Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 “Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунда каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу юридикалык жана жеке жактардын өткөрүлүүчү товарларын декларациялоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү зарылчылыгын эске алып, мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн кайрылууларын көңүлгө алуу менен, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 “Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунун колдонулушу Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуунун оптималдуу механизми иштелип чыкканга чейин токтотулуп турсун.

 2. Ушул токтом 2016-жылдын 10-мартынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.  

Премьер-министр                                                                  Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу