Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 “Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Саламаттык сактоо системасындагы мамлекеттик илимий мекемелердин жана улуттук борборлордун башкаруу иштерин тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 “Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жободо:
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“14. Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси илимий кызматкерлер жана адистер кызматтарын ээлешкен эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы жыйналышында, тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы илимдин доктору деген окумуштуулук даражасы бар же тиешелүү тармакта илимдин доктору деген окумуштуулук даражасы менен жетекчилик тажрыйбасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө альтернативдүү негизде жашыруун добуш менен шайланат. Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси кызматына талапкерлерди көрсөтүү анын илимий жана башка түзүмдүк бөлүнүштөрү аркылуу же өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жүргүзүлөт.
Бир эле адам катары менен экиден ашуун мөөнөткө шайлана албайт. Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчисин шайлоого байланыштуу уюштуруу маселелерин чечүү үчүн уюштуруу комитети түзүлөт (мындан ары – уюштуруу комитети). Уюштуруу комитетинин курамы жетекчинин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып беш календардык күндөн кечиктирбей мамлекеттик илимий мекеменин окумуштуулар кеңеши тарабынан тармактык мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аныкталат жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына бекитүүгө киргизилет. Уюштуруу комитетинин курамына илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик илимий мекемени тейлеген тармактык мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирет. Илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уюштуруу комитетинин курамын үч күндүк мөөнөттүн ичинде бекитет.
Уюштуруу комитетинин иши, мамлекеттик илимий мекеменин жетекчисин шайлоонун тартиби жана жол-жобосу ушул Жобого жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен Регламентке ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси кызматына талапкерлерди көрсөтүү, каттоо мөөнөтү жана тартиби жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчисин шайлоо эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн тизмелик курамынын үчтөн экисинен кем эмесинин катышуусу менен альтернативдүү негизде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы шайлоо өткөргөн күнү мамлекеттик илимий мекеменин эмгек жамаатынын жалпы жыйынында жарыяланат. Уюштуруу комитети добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялаган күндөн тартып бир күндүк мөөнөттө илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга шайлоо жөнүндө жалпы жыйындын протоколунун түп нускасын жана добуш берүүдө эң көп добуш алган үчтөн көп эмес талапкерлер тууралуу сунуш жиберет. Илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси үч күндүк мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине көрсөтүлгөн талапкерлерди, алардын ичинен бирөөсүн мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси кызматына бекитүү үчүн сунуштоо жиберет. Бардык талапкерлер тең укукка ээ.”.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эки айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- мамлекеттик илимий мекемелердин уюштуруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын; - ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев