КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 54 токтому

«Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

«Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруу масктында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмеги:

- төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин кызмат адамдары.».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-декабрындагы № 563 «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентинде:

-    1-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул Регламент «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин, анын ичинде «Коопсуз шаар» автоматташтырылган информациялык системасын пайдалануу менен ишке ашырууга катышуучулардын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн тартибин аныктайт.

2. Бул Регламентте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

«Коопсуз шаар» автоматташтырылган информациялык системасы (мындан ары - «Коопсуз шаар» АИС) – аппараттык-программалык комплекстерде жазылып калган информацияны чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана каттоо процесстерин жана Жол кыймылынын эрежелерин (мындан ары - ЖКЭ) бузуулар боюнча ыйгарым укуктуу органдар кабыл алган чечимдерди ЖКЭни бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдордун көчүрмөлөрүнүн жеткирилгендиги/жеткирилбегендиги жана борбордук деңгээлде төлөнгөндүгү боюнча статусун чагылдыруу менен автоматташтырууну камсыздоочу мамлекеттик информациялык система;

аппараттык-программалык комплекс (мындан ары - АПК) – фото, кино жана видео тартуу функциялары бар сертификатталган контролдоочу-өлчөөчү техникалык каражаттар, ал транспорт каражаттарынын жалпы агымы, жазылып калган ЖКЭ жана видеокөзөмөл жөнүндө комплекстүү информацияны автоматтык түрдө берүүчү системадан турат.

3. «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашырууга катышуучулар:

1) «Коопсуз шаар» АИСтин ээси (мындан ары - АИСтин ээси) – «Коопсуз шаар» АИСти иштетүүнү, техникалык жактан колдоону жана өнүктүрүүнү камсыздоочу электрондук башкаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

2) «Коопсуз шаар» АИСти пайдалануучу (мындан ары - АИСти пайдалануучу) – «Коопсуз шаар» АИС аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал төмөнкүдөй иштерди аткарат:

ЖКЭни бузуу жөнүндө жазылып калган информацияны текшерет жана ЖКЭни бузуу жөнүндө токтомдорго электрондук кол тамга коёт;

ЖКЭни бузуу жөнүндө токтомдорду басып чыгарат жана конверттерге салат;

почта операторунун кызматын пайдалануу менен транспорт каражаттарынын ээлерине ЖКЭни бузуу жөнүндө токтомдорду жеткирет;

3) маалыматтарды иштеп чыгуучу резервдик борбордун (МИЧРБ) ээси – улуттук коопсуздук маселесин тейлеген, МИЧРБ түзүлүшүн, жаңыланышын жана иштетилишин ошондой эле, анын ичинде МИЧРБга келген информацияны «Коопсуз шаар» АИСти пайдалануу менен резервдик сактоону камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

4) маалыматтардын массивин сактоочу – транспорт каражаттарын, айдоочулук курамды, туруктуу жашаган жерди жана паспорттук маалыматтарды каттоо жөнүндө маалыматтарды «Коопсуз шаар» АИС аркылуу берүүнү камсыздоочу калкты жана автотранспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган. Маалыматтардын массивин сактоочу «Коопсуз шаар» АИС маалыматты иштеп чыгуу борборунун (МИЧБ) ээси болуп саналат  жана  анын иштешин, техникалык колдоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылат;

5) маалыматтарды берүүчү – АИСтин ээси аныктоочу, «Коопсуз шаар» АИСтин иштеши үчүн керектүү информацияны АПКдан берүүнү камсыздоочу юридикалык жак.»;

- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«8. АИС ээси «Коопсуз шаар» АИС пайдалануу менен МИЧБ жана МИЧРБ ээлеринин маалыматтарды берүүчүдөн информацияны үзгүлтүксүз алуусун камсыз кылат.»;

- 10-пунктунда:

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- токтомдорду басып чыгаруу жана конверттерге салуу боюнча;»;

төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:

«- почта операторунун кызматын пайдалануу менен транспорт каражаттарынын ээлерине токтомдорду жеткирүү боюнча;

- ЖКЭ бузуу жөнүндө токтомдорду тариздөө боюнча.»;

- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«13. АИСти колдонуучу ЖКЭни бузуу жөнүндө фактыларды ырастаган жана электрондук кол тамга койгон учурда «Коопсуз шаар» АИСти пайдалануу менен ЖКЭ бузуу жөнүндө токтомду автоматтык режимде тариздейт.»;

- 15 жана 16-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«15. АИСтин ээси «Коопсуз шаар» АИСти пайдалануу менен МИЧРБ ээсине ЖКЭни бузуулар жөнүндө таризделген токтомдорду реалдуу убакыт режиминде жиберет.

16. АИСти пайдалануучу ЖКЭни бузуулар жөнүндө токтомдор таризделген күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде алардын кагазга басып чыгарылышын жана конверттерге салынышын, жана ошондой эле, почта операторунун кызматын пайдалануу менен жеткирилишин камсыздайт.».

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу