КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 2 мартындагы № 97 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

  «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-апрелиндеги № 244 «Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында: 

-   «Башкы штабынын маалыматты коргоо бөлүмүнүн начальниги» деген сөздөр «Генералдык штабынын маалыматты коргоо бөлүмүнүн башчысы» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-сентябрындагы № 618 «Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жана башка граждандык жана аскердик багыттагы ядролук объектилерден, ошондой эле ядролук куралды камтуу менен ядролук түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрү менен байланышкан ядролук сыноолордон, машыгуулардан жана башка иштерден келип чыккан радиациянын таасиринен оорулардын жана майыптыктын пайда болушунун себебин аныктоо боюнча Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жана башка граждандык жана аскердик багыттагы ядролук объектилерден, ошондой эле ядролук куралды камтуу менен ядролук түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрү менен байланышкан ядролук сыноолордон, машыгуулардан жана башка иштерден келип чыккан радиациянын таасиринен оорулардын жана майыптыктын пайда болушунун себебин аныктоо боюнча Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин курамында: 

-   «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин медициналык-социалдык экспертиза башкы башкармалыгынын начальниги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун директору» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 -   «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин социалдык жактан коргоо департаментинин директору» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментинин директору» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

-   «Башкы штабынын Республикалык борбордук аскердик-врачтык комиссиясынын төрагасы» деген сөздөр «Генералдык штабынын аскердик-врачтык комиссиясынын төрагасы» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

-   «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо  министрлигинин укуктук жактан жөнгө салуу бөлүмүнүн начальниги, эксперттик кеңештин юристи» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында: 

-   «Башкы штабынын Башкы оперативдүү башкармалыгына караштуу оперативдүү башкармалыктын аскердик-топографиялык кызмат бөлүмүнүн начальниги» деген сөздөр «Генералдык штабынын аскердик-топографиялык кызмат бөлүмүнүн башчысы» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жободо: 

-   8-пункттагы «Башкы штабы» деген сөздөр «Генералдык штабы» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 578 «174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радио жыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурсту даярдоо жана өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын курамында: 

-   «Башкы штабынын байланыш башкармалыгынын начальнигинин орун басары - байланышты пландаштыруу жана уюштуруу бөлүмүнүн начальниги» деген сөздөр «Генералдык штабынын байланыш башкармалыгынын башчысы» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.      

 Премьер-министр                                                          Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу