КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 2 мартындагы № 98 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Айрым объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык обьекттери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:

 - “В” категориясы (олуттуу объектилер)” бөлүмүнүн “Жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер” графасы төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:

 “14. “Ысык-Көл кемечилиги” ӨБ МИ”; 

- “В” категориясы (олуттуу объектилер)” бөлүмүнүн “Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер” графасы төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын: 

“11. Мунайды кайра иштетүүчү заводдор.”. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                           Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу