КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 2 мартындагы № 99 токтому

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл аймагынын Аламүдүн айылында жайгашкан суу басымы мунарасын скважина жабдуулары менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл аймагынын Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

  Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл аймагынын калкына  жергиликтүү маанидеги үзгүлтүксүз ичүүчү суу берүү маселесин чечүү максатында,  Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10  жана 17 - беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти менен бирге Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл аймагынын Аламүдүн айылында жайгашкан суу басымы мунарасын скважина жабдуулары менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл аймагынын Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

 2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл аймагынын Аламүдүн айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын: 

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суу басымы мунарасын скважина жабдуулары менен (мындан ары-объекттер) муниципалдык менчикке кабыл алуу;

 - объекттерди мамлекеттик кайра каттоону камсыз кылуу; - объекттерди максатка ылайыктуу пайдаланууну камсыз кылуу.

 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн. 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.    

 Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу