Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 “Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын мындан ары ишке ашырууну камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 “Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктта: төртүнчү абзацтагы “(мындан ары - Иш аракеттер планы)” деген сөздөр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун эки жылдык планы катары 2016-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы 4-тиркемеге ылайык.”;
- 2-пунктта: биринчи абзацтагы “, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги” деген сөздөр алып салынсын; экинчи жана үчүнчү абзацтардагы “Иш аракеттер планы” деген сөздөр “иш аракеттер пландары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункттагы “социалдык жана гуманитардык өнүгүү” деген сөздөр “билим берүү, маданият жана спорт” деген сөздөр менен алмаштырылсын; - ушул токтомдун тиркемесине ылайык төмөнкү редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев