Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 499 “Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин курамында:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;”;
- экинчи абзацындагы “социалдык блок” деген сөздөр “экономика жана инвестициялар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- алтынчы абзацы “финансы” деген сөздөн кийин “жана кредит саясаты” деген сөздөр менен толукталсын;
- тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;”;
- төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 “Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Комитеттин төрагасы болуп саналат;”;
- жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча Мамлекеттик координациялык комитеттин курамында:
биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, комитеттин төрагасы.”;
он алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
он сегизинчи абзацы “дене тарбия” деген сөздөн мурун “жаштар,” деген сөз менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү маселелери боюнча комиссиянын курамынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;”.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 514 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Консультациялык кызматтарды сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссия жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Консультациялык кызматтарды сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссиянын курамынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Экономика жана инвестициялар маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;”.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 “Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңештин курамында:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Координациялык кеңештин төрагасы;”;
- бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин курамында:
- биринчи абзацындагы “Улуттук коопсуздук, коргонуу жана укуктук тартип маселелерин” деген сөздөр “Социалдык маселелерди” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацы “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөн кийин “эмгек жана” деген сөздөр менен толукталсын;
- тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- он бешинчи абзацындагы “коргоо министринин” деген сөздөр “Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары;”.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 339 “Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө (форс-мажордук) жагдайларда медициналык арналыштагы гуманитардык жардамды ташып кирүүнү жөнгө салуу боюнча өкмөттүк комиссия түзүү жөнүндө ” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркеме
“
Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары - Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары - Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору - Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи (макулдашуу боюнча); Орус Православ чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча).”