КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 2 мартындагы № 96 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүн ишин камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:   

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин: 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 625 “Россия Федерациясында (Москва ш.) Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине караштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Миграциялык кызмат департаментинин өкүлчүлүгүн түзүү тууралуу” токтому;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 178 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 625 “Россия Федерациясында (Москва ш.) Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине караштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Миграциялык кызмат департаментинин өкүлчүлүгүн түзүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту.

 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы 2016-жылдын аягына чейин 2015-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө уюмдаштыруучунун укуктарын бекитүү бөлүгүндө оңдоолорду киргизүүнү камсыз кылсын. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. 

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев 

Тиркемелер

Басып чыгаруу