Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 “Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 “Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин. 2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы
| |
Т.А.Сариев Т.С.Абдыгулов
Тиркеме
“Тиркеме
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Экономика маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директорунун орун басары;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары;
“Банктар аралык процессинг борбору” жабык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстан ишкерлер союзунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Рыноктор, ишканалар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жүргүнчүлөрдү автоташуучулар ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
“РСК Банк” ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
“Айыл Банк” ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Чакан финансылык уюмдар ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасынын ишин анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси, Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы.”.
______________________________