Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы № 220 “Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
жогоруда аталган токтомдун 2- тиркемесинде:
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “
9 | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы | 44 |
анын ичинде: | ||
- борбордук аппарат | 25 | |
- ведомствого караштуу бөлүктөр | 13 | |
- аймактык бөлүктөр | 6 |
”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев