КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 25 февралындагы № 87 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 306 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо: 

- 5-пунктундагы  “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы)” деген сөздөр “коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 14-16, 19-21, 28-30-пункттардагы ар кандай жөндөмөдөгү “Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 27-пунктунун тогузунчу абзацындагы “Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын” деген сөздөр “коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 800 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө жободо: 

- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “17. Жоокерлерди, сержанттарды жана старшиналарды алмаштыруу жана которуу төмөнкүчө жүргүзүлөт: а) аскердик бөлүктүн ичинде – бөлүктүн командиринин буйругу менен;

 б) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабында: 

- кошуундардын аскердик бөлүктөрүнүн (күчтөрдүн, дивизиялардын) ортосунда – тиешелүү командачылардын буйруктары менен;

 - кошуундардын жана аскердик бөлүктөрдүн (күчтөрдүн, дивизиялардын) ортосунда – Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басарынын буйруктары менен; 

в) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда - коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын буйруктары менен;

 г) Улуттук гвардияда – Улуттук гвардиянын Башкы штабынын башчысынын буйруктары менен; 

д) улуттук коопсуздук органында – улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин буйруктары менен аныкталуучу тартипте; 

е) жазык-аткаруу тутумунун органында - жазык-аткаруу тутумунун органынын жетекчисинин орун басары – Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменттин башчысынын буйруктары менен; 

ж) жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда - жарандык коргонуу органынын жетекчисинин орун басарынын буйруктары менен;

 з) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда: 

- мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустар боюнча башкармалыктарынын аскердик  бөлүктөрүнүн ортосунда - мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустар боюнча башкармалыктарынын башчыларынын буйруктары менен;

 - мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустар боюнча башкармалыктарынын ортосунда  - мамлекеттик чек араны кайтаруу органынын жетекчисинин биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысынын буйруктары менен; 

и) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын бир органынан экинчи органга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өз ара макулдашуусу боюнча - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басарынын буйруктары менен.”; 

- 22-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (Куралдуу Күчтөрүнүн органдарынын)” деген сөздөр “Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 - 42-пунктундагы  “Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы - Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басарынын (Куралдуу Күчтөрдүн органдарынын ага тең же андан жогору кызматтык адамдын)” деген сөздөр “тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 56-пунктундагы  “Коргоо министрлигинин (Куралдуу Күчтөрдүн органдарынын)” деген сөздөр алып салынсын;

 - 61-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин (Куралдуу Күчтөрдүн органынын жетекчисинин)” деген сөздөр “аскер кызматчылары аскердик кызматты өтүп жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 77-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“77. Тартип бөлүгүнөн бошотулган мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчылары соттолгонго чейин кызмат өтөгөн аскердик бөлүктөрүнө андан ары кызмат өтөө үчүн жиберилет. Штаттык кызмат орду жок болгон учурда, тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен мындай аскер кызматчылары тиешелүү мамлекеттик органдын башка аскердик бөлүктөрүнө жиберилет.”; 

- 94-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Мөөнөттүү аскердик кызматтан аскер кызматчыларын бошотуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде  коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары, ал эми башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда - тиешелүү жетекчилердин буйруктары менен жүргүзүлөт.”; 

- 95-пунктунда: а) пунктчасында: - биринчи абзацтагы “Коргоо министрлигинин (Куралдуу Күчтөрдүн органдарынын)” деген сөздөр алып салынсын; - экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Аскердик бөлүктөрдүн командирлери аскердик-дарыгердик комиссиянын аскер кызматчысынын аскердик кызматка жараксыздыгы жөнүндө бекитилген корутундусу менен аскер кызматчысын  мөөнөттүү аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча материалдарды тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисине берет.”; 

б) пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Бошотуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басарынын буйруктары менен жүргүзүлөт.”;

 - 96-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы 100-пункт менен толукталсын: “100. Каза болгон (курман болгон) мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчысы каза болгон күндөн тартып, ал эми сот тарабынан дайынсыз жок же каза болгон деп жарыяланган мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчысы соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгарылат. Каза болгон же дайынсыз жок болгон мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын тизмеден чыгаруу аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин себептерин көрсөткөн тиешелүү билдирүүлөрүнүн негизинде тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан аныкталган тийиштүү командирлердин буйруктары (өздүк курам боюнча) менен жүргүзүлөт. Каза болгон (курман болгон) мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын, дайынсыз жок болгон мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын, ошондой эле тынчтык убактагы согуштук аракеттерге байланыштуу дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын чыгаруу, дайынсыз жок болуунун себептерин жана жагдайларын изилдөөнүн жыйынтыктарынын негизинде аскер кызматчынын жоктугу жөнүндө маалыматтар алынгандан кийин үч айдан кечиктирилбеген  мөөнөттө ишке ашырылат.”.

 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 19 “Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлерди жана аскер лицейинин тарбиялануучуларын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлерди жана аскер лицейинин тарбиялануучуларын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө нускамада: 

- Нускаманын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү “начальник” деген сөз тиешелүү жөндөмөдө “башчы” деген сөз менен алмаштырылсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 825 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын алгачкы аскердик жыйындардан өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын алгачкы аскердик жыйындардан өтүү тартиби жөнүндө жободо: 

- 6-пунктундагы “, - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы)” деген сөздөр алып салынсын; 

- 7, 16, 23, 26 жана 27-пункттарындагы ар кандай жөндөмөдөгү “Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “18. Жыйындарды өткөрүү убактысын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы биргелешип аскер комиссариаттарында чакыруу ресурстарынын болушунун негизинде аныкташат.”;

 - 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“21. Жыйындардан өтүп жаткан жарандарды каттоону жалпы жетектөөнү жана контролдоону коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы биргелешип, ал эми республиканын райондорунун жана шаарларынын чегинде - аскер комиссариаттары ишке ашырышат.”; 

- 25-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“25. Жарандар узактыгы 24 күн болгон алгачкы аскердик жыйындардан өтүшөт, 14 күн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында теориялык сабактар, 10 күн аскердик бөлүктөрдүн (окуу борборлорунун) базасында практикалык сабактар болот. Аскердик бөлүктөрдү (окуу борборлорун) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы биргелешип аныкташат.”; 

- 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “30. Жыйындарга чакыруу тартибин, жыйындарды өткөрүү тартибин жана жарандарды жыйындардан запаска бошотуу тартибин коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы биргелешип аныктайт.”; 

- 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “34. Жарандар жыйноо пункттарына коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы биргелешип аныктоочу мөөнөттөрдө аскер комиссариаттары тарабынан уюшкандыкта жеткирилет.”; 

- Жобонун мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү “начальник” деген сөз тиешелүү жөндөмөдө “башчы” деген сөз менен алмаштырылсын. 

5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы  өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтиришсин. 

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу