КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 12 фералындагы № 65 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык
 жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229,  
232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

  Товарларды чыгаруу мөөнөтүн кыскартуу максатында, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 196-беренесинин 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын  10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95,101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы жол-жоболоруна коюу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жана бажы контролунун айрым түрлөрүн жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамада: 

- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын: “Товарларды чыгаруу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 195-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттары сакталганда бажы декларациясы катталган жана аткарууга кабыл алынган учурдан тартып бажы органы тарабынан үч сааттан ашпаган мөөнөттө аякташы керек, ал эми эгерде товарларга карата декларация бажы органынын иштөө убактысы аяктаганга чейин үч сааттан кем убакытта катталса - ал бажы органынын иштөө убактысы башталгандан тартып үч сааттан ашпаган мөөнөттө аякташы керек. Товарларды чыгаруу мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 196-беренесинин 4-пунктуна ылайык узартылышы мүмкүн.”. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин. 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

  Премьер-министр                                                          Т.А.Сариев           

Тиркемелер

Басып чыгаруу