КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 10 февралындагы № 54 токтому

Бишкек шаарында 2015-жылдын 5-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: - Бишкек шаарында 2015-жылдын 5-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу; 

- Бишкек шаарында 2015-жылдын 5-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

 2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууларды ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түркмөн тарапка билдирсин. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн. 

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын 

Премьер-министри Т.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу