Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жөнүндө
Калктын саламаттыгын сактоо, адамдын өмүрү үчүн коркунучтарды четтетүү, айыл чарба жана башка үй жаныбарларын оорулардан сактоо, эл чарбасына, жаныбарлар дүйнөсүнө жана анын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирүүгө бөгөт коюу, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин арасында экологиялык тең салмактуулукка жетишүү, ошондой эле карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иштерди активдештирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Карышкырларды жана чөөлөрдү атып алгандыгы үчүн (бир башка эсептегенде) төмөнкүдөй өлчөмдөрдөгү сый акы белгиленсин: карышкырдын дөбөтү жана канчыгы үчүн - 6000 сом, бөлтүрүгү үчүн (учурдагы жылдын 1-октябрына чейин атып алынган бөлтүрүк) - 1500 сом, чөө үчүн - 2000 сом.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги сыйлыктарды төлөп берүүгө жана карышкырлардын, чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө атайын каражаттардын эсебинен алты миллион сом өлчөмүндө жыл сайын каржылоону карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча зарыл иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча өз каражаттарынын эсебинен тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз каражаттарынын эсебинен карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча зарыл иш-чараларды жүзөгө ашырууда тиешелүү чараларды жүргүзүү жагы сунушталсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы “Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” № 509 токтому;
- “Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 31-декабрындагы № 774 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-январындагы “Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жөнүндөгү” № 38 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы “Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо жөнүндө” № 509 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” № 249 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы “Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” № 183 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы “Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” № 703 токтому.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т. А.Сариев