КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 25 февралындагы № 83 токтому

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

 2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин. 

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. 

Премьер-министр                                                      Т.А.Сариев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

1-берене

 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., №7, 85- ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1)   2-статьяда: биринчи абзацында “субъект) жана” деген сөздөрдөн кийин “алардын өз алдынча бөлүмдөрү (филиалдары, өкүлчүлүктөрү),” деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: 

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында каттоо - жеке жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын маалыматтарынын негизинде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр катары мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу субъекттерин эсепке алуу.”; 

он бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тууралуу келишим - камсыздандырылган адамдын пайдасына топтомо пенсиялык фонд менен камсыздандырылган адамдын ортосундагы макулдашуу, ага ылайык топтомо пенсиялык фонд пенсиялык негиздер келип чыкканда камсыздандырылган адамга пенсиянын топтомо бөлүгүн дайындоого жана төлөп берүүгө милдеттүү.”; 

2)   4-статьядагы “нормативдик-укуктук” деген сөздөр “ченемдик укуктук” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

3)   5-статьяда: үчүнчү абзацындагы “жеке ээлик кылуучулар, өз алдынча иштегендер, жеке практикада иштегендер, чыгармачыл кызматкерлер” деген сөздөр “жеке ишкерлер жана жеке ишкерлер жана жеке жактар” деген сөздөр менен алмаштырылсын; төртүнчү абзацындагы “мамлекеттер аралык макулдашууларда (келишимдерде)” деген сөздөр “мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерде” деген сөздөр менен алмаштырылсын; алтынчы абзацтагы “Кыргыз Республикасы менен алар жүргөн өлкөнүн ортосундагы кош тараптуу макулдашуулардын (келишимдердин)” деген сөздөр “мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдердин” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

4) 9-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы “пенсиялык келишим” деген сөздөр “милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тууралуу келишим” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

5) 12-статьядагы “нормативдик-укуктук” деген сөздөр “ченемдик укуктук” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

6) 17-статьянын биринчи абзацындагы “нормативдик-укуктук” деген сөздөр “ченемдик укуктук” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

7) 21-статьянын 2 жана 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

 8) 22-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы “(магниттик жазуу же байланыш каналы боюнча)” деген сөздөр алып салынсын; 

9)  23-статьянын биринчи бөлүгүндө “подряд,” деген сөздөрдөн кийин “акы төлөп кызмат көрсөтүү,” деген сөздөр менен толукталсын; 

10)    24-статьяда: 1-бөлүгүндө: 

- “өткөн ай үчүн эмгек акыга каражаттарды банк мекемелеринен алган мөөнөттөрдө, бирок” деген сөздөр “мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында катталган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алыш-бериш эсебине” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

 11)    төмөнкүдөй мазмундагы 241-статья менен толукталсын:

 “241-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында каттоо  Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдары төмөнкүлөрдү каттайт: 

- юридикалык жактарды - жайгашкан жери боюнча (юридикалык дареги);

 - юридикалык жактардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүн (филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн) - ишин жүргүзгөн жери боюнча;

 - жеке жактарды - жашаган же экономикалык ишин жүргүзгөн жери боюнча.”;

 12) 26-статьяда: 

1-бөлүгү “Камсыздандыруучулар” деген сөздөн кийин “жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн камсыздандырылган адамдар (жеке ишкерлер, өз алдынча иштегендер, жеке практикада иштегендер, чыгармачыл кызматкерлер)” деген сөздөр менен толукталсын; 2-бөлүгүндө:

 - биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “2. Камсыздандыруучуларга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн камсыздандырылган адамдарга (жеке ишкерлер, өз алдынча иштегендер, жеке практикада иштегендер, чыгармачыл кызматкерлер) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине төгүмдөрдү жана башка төлөмдөрдү өз убагында жана толук төлөбөгөндүгү үчүн төмөнкүдөй учурларда туумдар жана айыптар кошуп эсептелет:”; 

- экинчи абзац “өлчөмүндө” жана “өлчөмдө” деген сөздөрдөн кийин “айып” деген сөз менен толукталсын; 

- үчүнчү абзац “ведомостторун” деген сөздөн кийин “календардык жылдын ичинде эки жолудан ашык” деген сөздөр менен жана “өлчөмүндө” деген сөздөрдөн кийин “айып” деген сөз менен толукталсын; 

13) 28-статьяда: 1-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы “нормативдик-укуктук” деген сөздөр “ченемдик укуктук” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

2-бөлүктүн экинчи абзацындагы “нормативдик-укуктук” деген сөздөр “ченемдик укуктук” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

2-берене 

“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1)  1-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“Ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер каралган Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдер Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген учурларда, ошол эл аралык келишимдерде белгиленген эрежелер колдонулат.”;

 2) 5-статьянын 1-бөлүгүндөгү “уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жактардын, алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмчөлөрүнүн (филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн), дыйкан (фермер) чарбаларынын, жеке адамдардын” деген сөздөр “төлөөчүлөрдүн” деген сөз менен алмаштырылсын; 

3) 34-статьянын 1-пунктунун “б” пунктчасындагы “туура ” деген сөз “так ” деген сөз менен алмаштырылсын. 

3-берене 

“Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 1-статьянын биринчи, экинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын; 

2) 6-статьянын алтынчы бөлүгүндөгү “аймактык” деген сөз “региондук” деген сөз менен алмаштырылсын; 

3) 7-статьянын бүткүл тексти боюнча “аймактык” деген сөз “региондук” деген сөз менен алмаштырылсын; 

4) 8-статьянын алтынчы бөлүгүндөгү “(магниттик жазуу же байланыш каналы боюнча)” деген сөздөр алып салынсын;

5) 10-статьянын бүткүл тексти боюнча “аймактык” деген сөз “региондук” деген сөз менен алмаштырылсын; 

6) 11-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү “15инен” деген цифралар “20сынан” деген цифралар менен алмаштырылсын; 

7) 14-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“- ушул Мыйзамдын 8-10-статьяларына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасында жекече эсепке алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында каттоодон өтүүгө;”; 

8) 17-статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү “аймактык” деген сөз “региондук” деген сөз менен алмаштырылсын.

 4-берене “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 1-статьясында: “а” пункту “жактар,” деген сөздөн кийин “анын ичинде чет өлкөлүктөр” деген сөздөр менен толукталсын;

 “в” пункту “жеке жактар” деген сөздөрдөн мурда “жеке ишкерлер жана” деген сөздөр менен толукталсын

 5 -берене “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр  киргизилсин: 

1) 1-статьянын үчүнчү бөлүгү “региондук органдары” деген сөздөрдөн кийин “жана ведомстволук мекемелери” деген сөздөр менен толукталсын; 

2) 2-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы “, толук көлөмүндө” деген сөздөр алып салынсын; 

3) 3-статьяда:

 1-бөлүгүндө: 

-  төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:

 “- түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнүн 3 пайызынын алкагында каражаттарды административдик-башкаруу чыгымдарына жиберүүгө;”; 

-  жыйырманчы абзацтагы “мамлекеттер аралык жана эл аралык келишимдер менен макулдашууларды” деген сөздөр “Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерди” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

2-бөлүгүндө: 

-   бешинчи абзац “пенсиялар” деген сөздөн кийин “, пенсиялык топтоо каражаттары” деген сөздөр менен толукталсын;

 -   жыйырма биринчи жана жыйырма экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“- камсыздандырылган адамдардын пенсиялык активдерин жазган арызы боюнча топтомо пенсиялык фонддорго жиберүүгө; -       пенсиянын топтомо бөлүгүнөн жана пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүүгө;”; 

3-бөлүгүндөгү “чыгат” деген сөз “чыгууга катышат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын”;

 4) 4-статьяда: экинчи абзацындагы “топтоочу бөлүккө түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн” деген сөздөр “Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондго түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча операциялардан алынган инвестициялык кирешеден” деген сөздөр менен алмаштырылсын; төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“- камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук чегербегендиги үчүн туумдардан, айыптардан жана пайыздардан;”; он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 

төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

 “- Социалдык фондго толук көлөмдө ыкчам башкаруу укугунда таандык мүлктү ижарага берүүдөн алынган кирешелерден;”; 

5) 9-статьянын 3-бөлүгүндө: бешинчи абзацындагы “мыйзамдардын” деген сөз “ченемдик укуктук актылардын” деген сөздөр менен алмаштырылсын; онунчу абзац “ченемдик” деген сөздөн мурда “ички” деген сөз менен толукталсын;

 6) 11-статьяда: аталышында “мүчөсү” деген сөз “мүлкү жана акча каражаттары” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

1-бөлүгү “салык” деген сөздөн кийин “, салыктык эмес төлөмдөр” деген сөздөр менен толукталсын. 

6-берене

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Тиркемелер

Басып чыгаруу