Минск шаарында 2016-жылдын 28-октябрында кол коюлган 1992-жылдын 13-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Эмгек, миграция жана калкты социалдык коргоо боюнча консультативдик кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Минск шаарында 2016-жылдын 28-октябрында кол коюлган 1992-жылдын 13-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Эмгек, миграция жана калкты социалдык коргоо боюнча консультативдик кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу расмий тилде тиркелген протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев