КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 25 февралындагы № 84 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде: 

- 9 пунктундагы “322” жана “247” деген цифралар тиешелүү түрдө “247” жана “172” деген цифралар менен алмаштырылсын.

 2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги: 

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметаларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү макулдашсын;

 - өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

 3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн. 

Премьер - министр                                                          Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу