КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 18 февралындагы № 78 токтому

Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA)  ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын: - “Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA)  ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору; - Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA)  ортосундагы Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу. 

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

 3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. 

Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу