КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 17 февралындагы № 74 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Курал жөнүндө” жана “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-ноябрындагы № 721 “Кыргыз Республикасында кызматтык жана граждандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

 жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кызматтык жана граждандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелери төмөнкүдөй мазмундагы 181-пункт менен толукталсын:

 “181. Мергенчилик ишканалар жана уюмдар аларга катталган куралды Кыргыз Республикасында аңчылык кылуучу чет өлкөлүк жарандарга мергенчилик ишкана жана уюм менен түзүлгөн контракттын (келишимдин) негизинде  аңчылык үчүн убактылуу пайдаланууга берүүгө укуктуу. Өз өлкөсүнүн найдын тийиштүү типтеги сайы бар мергенчилик дүрмөттүү куралды сактоого, алып жүрүүгө жана пайдаланууга укугу жөнүндө жарактуу уруксаты бар чет өлкөлүк жарандарга курал мергенчилик ишкана жана уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер органына мергенчилик дүрмөттүү куралды убактылуу пайдаланууга берүү ниети тууралуу билдирилгенден кийин берилет.”.

 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 “Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор  киргизилсин: 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускамада: 

- 3-баптын аталышы “пайдалануусун” деген сөздөн кийин “берүүсүн” деген сөз менен толукталсын; 

- төмөнкүдөй мазмундагы 241- пункт менен толукталсын:

“241. Мергенчилик ишканалар жана уюмдар аларга катталган куралды Кыргыз Республикасында аңчылык кылуучу чет өлкөлүк жарандарга мергенчилик ишкана жана уюм менен түзүлгөн контракттын (келишимдин) негизинде  аңчылык үчүн убактылуу пайдаланууга берүүгө укуктуу. Чет өлкөлүк жаранга мергенчилик дүрмөттүү куралды убактылуу пайдаланууга берүү ниети жөнүндө ишкана жана уюм Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына жазуу жүзүндө, чет өлкөлүк жарандын ким экенин билдирүүчү документтерди, анын өлкөсүнүн найдын тийиштүү типтеги сайы бар мергенчилик дүрмөттүү куралды сактоого, алып жүрүүгө жана пайдаланууга укугу жөнүндө уруксатынын белгиленген тартипте которулуп жана күбөлөндүрүлгөн копияларын тиркөө менен билдирүүгө милдеттүү.”; 

- 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“40. Найы сайлуу мергенчилик дүрмөттүү куралды “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган адамдар  алуу укугуна ээ.”; 

- 43-пункттагы “аңчылык билетин” деген сөздөр “мамлекеттик мергенчилик күбөлүгүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 - 52-пунктта: экинчи абзацтагы “ички иштер органдарынын уруксатысыз” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда” деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

 “Чет өлкөлүк жарандар аңчылыктын учурунда мергенчилик ишкананын жана уюмдун мергенчилик куралын ошол курал бекитип берилген, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын найдын тийиштүү типтеги сайы бар мергенчилик дүрмөттүү куралды сактоого, алып жүрүүгө жана пайдаланууга укугу жөнүндө жарактуу уруксаты жана мергенчилик ишкана жана уюм менен түзүлгөн контракты (келишими) бар адамдын катышуусунда убактылуу пайдаланууга укуктуу”; 

- жогоруда аталган Нускаманын 11-тиркемесинде: “мергенчилик билетим” деген сөздөр “мамлекеттик мергенчилик күбөлүгүм” деген сөздөр менен алмаштырылсын; расмий тилдеги текстте “выданный” деген сөз “выданное” деген сөз менен алмаштырылсын. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин  күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                        Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу