КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 18 февралындагы № 76 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

“Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана  17 - беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 - жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесиндеги эскертүүнүн тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жөнүндө жободо: 

- 1-пункту “боюнча” деген сөздөн кийин “ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 7-пунктунда: 1-пунктчасынын он төртүнчү абзацындагы “асыл тукум” деген сөз алып салынсын; 

4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“- ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тийиштүү  товарларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана (же) сактоону ишке ашырган уюмдардын жана адамдардын реестрин жүргүзүү.”; 

- 10- пунктунда: 

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “10. Мамлекеттик инспекцияны бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору  болуп саналган директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат орунга дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.”; 

- экинчи абзацындагы “администрациялык” деген сөздөн кийин “мамлекеттик” деген сөз менен толукталсын;

 - үчүнчү жана төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “Директордун орун басарлары - Маминспекциянын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат орунга дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директордун орун басарынын бири - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы фитосанитардык инспектору болуп саналат.”. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                          Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу